Баткенде шахтада ууланган 4 киши ал жакка мал издеп киришкен

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 23-июнда көмүр шахтасында газга ууланып каза болгон төрт адам жоголгон малды издеп чыгышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен көмүр шахтасынын ачык калышы, коопсуздук чараларынын сакталбагандыгы боюнча жагдайларды аныктоо үчүн атайын комиссия иш алып барууда.

Аталган шахта «Кенчилер-Береке» ЖЧКсына таандык. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, аталган компания буга чейин мыйзамдуу иштеп келген. Бирок учурда ишмердүүлүгүн токтоткон.

Бул Баткендин шахталарында газга ууланып каза болгон биринчи эле учур эмес. ӨКМ 2019-жылдын декабрында төрт адам, октябрь айында тогуз адам иске ууланып каза болгонун маалымдаган.