Ошто коронавирустан каза болгондор 12 кишиге жетти. Жаңы бир учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирусту жуктуруп алган дагы бир бейтап каза болгонун 24-июндагы брифингде кабарлады. Көз жумган 48 жаштагы бейтап Оштогу облусттар аралык ооруканасында дарыланып келген.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып маркумдун туугандарына көңүл айтам, кайрат кылыңыздар», — деди Каратаев.

Ушуну менен COVID-19дан каза болгондордун саны 42ге жетти. Алардын арасында эки медкызматкер да бар.

Каза болгондордун эң көбү Ош облусунда катталды — 12. Бишкек шаары бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда, борбор калаада илдеттен 11 бейтап көз жумду. Ошондой эле, Чүй облусунда алты, Ош шаарында жана Нарын облусунда төрттөн, Жалал-Абад облусунда үч, Ысык-Көл жана Талас облусттарында бирден COVID-19 жуктурган бейтап кайтыш болду.

Кыргызстанда 24-июнга карата коронавирус жуккандардын жалпы саны 3726га жетти. Алардын 2082си айыгып, үйүнө чыгарылган. Ооруканаларда 623 адам жатат — алардын 12си жандандыруу бөлүмүнө которулган.