Жээнбеков Москвадагы парадга катышпайт — делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталды

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 23-июнда Орусиянын Москва шаарына иш сапары менен жөнөп кеткен. Эртеси күнү Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска тест тапшырып, президентти коштоп барган эки адам Covid-19га чалдыкканы белгилүү болгон.

Буга байланыштуу өлкө башчысы Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгын майрамдоого карата иш-чараларга катышпоону чечти.

Жээнбеков Орусияга президент Владимир Путиндин чакыруусу боюнча келген. Иш сапардын алкагында ал Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышмакчы болгон.

Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы шартында Кыргызстандагы иш-чараларга адатта беткапсыз катышып келет. Ал эми 11-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Араван районуна жашылча-жемиш өстүргөн фермердик чарбанын иши менен таанышууга барган.

Бул иш сапары учурунда да Жээнбеков беткапсыз жүргөн. 18-июнда райондун акими Курбанбай Айтибаевден коронавирус тастыкталган. Бирок өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекованын айтымында, аким президент менен жолугууга чейин коронавируска анализ тапшырган жана ошол убакта андан COVID-19 аныкталган эмес.