Бир суткада коронавирустан дагы 30 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 25-июнга карата бир сутка ичинде коронавирустан дагы 30 бейтап айыкканын кабарлады.

Бишкек шаарынан беш, Ош шаарынан алты, Чүй облусунан он, Нарын облусунан эки, Ош облусунан бир жана Жалал-Абад облусунан алты бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ал эми өлкө боюнча ооруну жеңгендердин саны 2 112 кишини түзөт. Ошол эле учурда 25-июнга карата илдет 3 954 кишиге жукканы ырасталган. Оору 43 кишинин өмүрүн алды.

Учурда ооруканаларда 635 адам дарыланып жатат, алардын он экиси жандандыруу бөлүмүндө.