Президенттин коронавируска тапшырган тести таза чыкты

Президенттин администрациясы маалымдагандай, президенттин коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бирок ал үч күн бою обочодо болууну улантат. Бул мамлекет башчысы толугу менен ооруган жок дегенди билдирбейт, ал бир учакта инфекциясы бар адамдар менен чогуу болгон, коронавирус кийинчерээк билиниши мүмкүн. Ошондуктан, Жээнбековдун обочолонуу мөөнөтү аяктагандан кийин ал кайрадан текшерилиши керек.

Кыргыз делегациясынын эки мүчөсүндө коронавирус тастыкталган: президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыковдо жана президенттин сакчысында. Аларда COVID-19 Москвада аныкталган, ал эми Бишкекте анализдери кайрадан текшерилген. Мурдараак президенттин администрациясы учаардан мурда бардык делегация коронавируска текшерилгенин, бирок жыйынтыктары терс болгонун кабарлаган.

Администрация маалымдагандай, инфекция жуктуруп алган делегация мүчөлөрү симптому жок ооруп жатат жана алар үй карантининде дарыланышат. Президенттен жана делегациянын башка мүчөлөрүнөн алынган тест таза чыккан.

Кыргыз делегациясынын мүчөлөрүндө инфекция аныкталганына байланыштуу президент Жеңиш парадына катыша албай калды. Ал бул үчүн 24-июнда атайын Москвага барып, ошол эле күнү кайра Бишкекке кайтып келген.