Ош шаарында 25-июнда парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин мурдагы катчысы, досу жана дарыгери маалымат жыйын курушту. Алар жыйында Осмоналиевдин ден соолугу начарлап бараткандыктан бийлик өкүлдөрүнөн аны үй камагына чыгарууну суранышты.
Медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог Тыныбек Ажимаматовдун айтымында, Осмоналиев камалганга чейин эле жүрөк оорусу менен дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп келген.
«Учурда Каныбек Осмоналиевдин 4-5 оорусу бар болуп чыгып жатат. Аны азыр ар башка адистеги [кардиолог, кардиохирург, эндокринолог, невролог] 5-6 дарыгер көрүп, консилиум өткөрүп анан ыкчам чечим кабыл алыш керек. Анын гипертониялык оорусу 3-баскычта болчу. Аны УКМКнын терапевти 2-баскычка түшүрүп коюптур», — деди Ажимаматов.
Мындан сырткары Ажимаматов Осмоналиев коронавирусту жуктуруп ала турган болсо башка оорулары да күчөп кетиши мүмкүн экендигин эскертти.
Ал эми Осмоналиевдин мурдагы катчысы Венера Касымова депутаттын ишине байланышкан сот отурумдарына катышып жүргөндүгүн жана ал менен пикир алышууда депутат ден соолугунун начардыгына даттанганын айтат.
«Эгер ал киши ошол жакта каза боло турган болсо анда кыргыз эли үчүн чоң трагедия болот деп эсептейм. Ошондуктан урматтуу президент жана бийлик өкүлдөрү, тезинен күчтүү дарыгерлерди чакыртып, консилиум жасап, адамгерчилик менен Осмоналиевдин ден соолугун карап берүүңүздөрдү суранам», — деп кейиди Касымова.
Экс-депутаттын досу Базарбай Айдаралиев мурдагы депутат жалган жалаанын айынан камалып отурат деген пикирде. Анын айтымында, Осмоналиев — жөнөкөй мугалим, окумуштуу, физик, Кыргызстанга белгилүү адамдардын бири, бирок ал чоң саясатчы эмес.
«Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо митингинде Ак үйдү басып алуу боюнча эч кандай чакырык жасаган эмес. Ал жерде “үчүнчү күчтөр” “азыр биз басып алабыз”, “азыр биз минтебиз” деп жүрүштү. Мен да убагында күч органдарында кызмат кылгам. Ал жерде болуп жаткандардын баарын күч органдары жаздырып, угуп, билип турушту. Анан Осмоналиевдин акыры күчү жетпей калганда үйүнө кетип калса, артынан барып кармап кетишиптир. Бул туура эмес», — деди Айдаралиев.
Осмоналиевге байланыштуу иш
Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында мурдагы депутат Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышып, тарапташтары Ала-Тоо аянтына митинге чыгышкан. Каныбек Осмоналиев ал митингде модераторлук милдетти аткарган.
Алты сааттан кийин митингчилер милиция тарабынан кууп таркатылгандан кийин, УКМКга митингдин активдүү катышуучулары жана уюштуруучулары делип экс-депутат Каныбек Осмоналиев менен дагы үч киши кармалган. Аталган факт боюнча «Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.
Буга чейин 24-июнда Осмоналиевдин абалы начарлап, ага абака тез жардам чакыртылган. Ошондой эле, УКМКнын басма сөз кызматы Осмоналиевдин абалы канааттандырарлык экенин жана ал коронавируска анализ тапшырганын маалымдаган.
Ал эми Осмоналиевдин жактоочусу Тимур Карабаев УКМКнын билдирүүсүн төгүндөп, экс-депутаттын ден соолугунун начарлап бараткандыгын ырастайт.
Буга чейин анын жактоочулары УКМКдан Осмоналиевди Улуттук кардиологиядан жана терапия борборунан медициналык кароодон өткөрүүнү суранышкан.
«Медициналык кароо болду, бирок жыйынтык жок. Муну атайын жасаштыбы же ката кеткенби белгисиз. Бизде Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүүгө шарт түзүлбөшү үчүн ушундай кылышты деген ой жаралууда. Эми кайра консилиум өткөрүп, жыйынтыгын берүүнү талап кылып жатабыз», — деген Карабаев.
Экс-депутаттын дагы бир жактоочусу Шарабидин Токтосунов тергөө амалдары жай жүрүп жаткандыгына даттанган. Ал Осмоналиевди төрт ай ичинде эки эле жолу суракка чакырылганын белгилеп, анын бөгөт чарасын үй камагы менен алмаштырууну суранат.
Ал эми башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 21-майда парламенттеги жыйында Осмоналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүүгө негиз жок экендигин белгилеген. Жамшитов муну иш боюнча 5-6 адам өтүп жаткандыктан тергөө амалдары созулуп жатат деп түшүндүргөн.
Тема боюнча:
Жапаровду колдоо митингинде 100дөй катышуучу кармалды — ЖМК
Жапаровду колдоо митинги катышуучуларды кууп таркатуу менен аяктады — кармалгандар бар
Жапаровдун агасы менен экс-депутат Осмоналиев бийликти күч менен басып алууга айыпталышы мүмкүн