УКМК 10 жылга соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо митинги кууп таркатылгандан кийин ведомствого «“Ала-Тоо” аянтындагы митингдин активдүү катышуучулары менен уюштуруучулары», тагыраагы парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев, Садыр Жапаровдун бир тууган агасы Сабыр Жапаров жана Амангелди Артыков алынып келингенин кабарлады.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, кармалгандар «кылмыштык пландарын ишке ашыруу максатында [...] митингдин катышуучуларын башаламандыка чакырып, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, аларга таш ыргытуу менен Бишкек шаарынын жашоочуларынын мүлкүнө зыян келтирип жана ошондой эле бийликти күч менен басып алуу максатында корголуучу обьект болуп эсептелген “Ак үйгө” киргенге аракет кылган».
Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча, Жапаровдун кармалган тарапкерлери бийликти күч менен басып алууга шектелип же шектелбегени тууралуу маселе чечилет.
Жалпысынан 2-мартта Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинен кийин 166 адам кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын ичинен 162 адам өздүгү такталгандан кийин коё берилип, калган 4 адам «Массалык башаламандык» беренесе боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында камакка алынган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Массалык башаламандыктардын натыйжасында милициянын 24 кызматкери жабыркаган.
Митингчилерди кууп таркатуу
Милиция митингчилердин бир бөлүгү Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алышкандан кийин саат 18:00гө чукул анын катышуучуларын кууп таркаткан. Дээрлик сегиз саатка созулган митингге, ар кандай эсептер боюнча, бир жарым миңден үч миңге чейин адам катышкан.
Митингдеги кырдаал бийлик Жапаровдун токтоосуз бошотулушун талап кылган нааразылыкка чыккандар менен түзмө-түз сүйлөшүүгө баруудан баш тарткандыктан курчуп кеткен.
Сабыр Жапаров митинг учурунда президенттик аппараттын өкүлү менен жолугушуп, митингдин катышуучуларынын талаптарын өткөрүп берген. Жолугушуудан кийин ал митингчилерди таркап кетүүгө үндөгөнү менен алар Садыр Жапаровдун токтоосун бошотулушун талап кылууну улантып, акциядан кетүүдөн баш тартышкан.
Акциянын дагы бир уюштуруучусу Каныбек Осмоналиев митингде адамдарга сөз берүүлөрдү модерация кылган. Жапаровдун тарапкерлеринин бир бөлүгү «Ак үйгө» бет алаар алдында ал модерацияны башка бирөөгө өткөрүп берип, кетип калган.
ИИМдин басма сөз борборунун башчысы Бакыт Сейитов тартип бузулуп, автоунаалар менен имараттарга зыян келтирилгени үчүн жоопкерчиликке акциянын уюштуруучулары тартыларын билдирген.
«Митингде чагым болгону үчүн да алар жооп беришет. Мындан тышкары келтирилген чыгымдардын баарын уюштуруучулар төлөп беришет. Ушул тапта Бишкекте абал туруктуу. Биз ыкчам аракеттерди жүргүзүп жатабыз, чагым кылгандарды аныктап, тактап, тиешелүү чара көрөбүз. Түрдүү чагымдар айтылды, “Ак үйдү басып алабыз, бийликти тартып алабыз” деген чакырыктар айтылды. Митингдин катышуучулары аларды башкара албай калышты», — деп айткан Сейитов.
Бийликти күч менен басып алуу даярдалган делген маалымат УКМК 29-февралда «телефондук сүйлөшүүдө бийликти күч менен басып алуу чакырыгы болгону үчүн» бир адамды кармаганда пайда болгон. Бул социалдык тармактарда «2020-жылдын 2-мартындагы тынчтык митингин өткөрүү учурунда бийликти басып алуу» жөнүндө аудио жазма жайылып кеткенден кийин болгон.
Бийликти ыктымал басып алуу талкууланган аудио жазмалар Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу учурунда оппозициячыл саясатчыларды кармоо үчүн байма-бай себеп катары колдонулуп келген. Мындай себептер менен 10дон ашуун саясатчы кармалып, бирок алар Сооронбай Жээнбековдун башкаруусу учурунда бошотулган.
Тема боюнча: Жапаровду колдоо митинги катышуучуларды кууп таркатуу менен аяктады — кармалгандар бар