Бир суткада 309 кишиден коронавирус аныкталды — бул жаңы антирекорд

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус инфекциясы дагы 309 адамдан табылды — алардын 43ү медкызматкер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 27-июндагы брифингде билдирди.

Жаңы учурлардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 118 учур.

Чүй облусунда — 23, Ош шаарында — 94, Ош облусунда — 39, Жалал-Абад облусунда — 19, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бештен, ал эми Талас жана Баткен облсутарында үчтөн бейтап коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 4513кө жетти — анын 712си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 2212 адам айыгып, 46 бейтап каза болду.

Аймактар боюнча жалпысынан Бишкек шаарында — 1670, Чүй облусунда — 610, Нарын облусунда — 469, Ош шаарында — 594, Ош облусунда — 468, Жалал-Абад облусунда — 288, Ысык-Көл облусунда — 81, Баткен облусунда — 51 жана Талас облусунда 42 учур катталды.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталган. Алар Орусиянын Соль-Илецк, Санкт-Петербург жана башка шаарлардан келген кыргызстандыктар.

Учурда ооруканаларда 628 адам дарыланууда — алардын 12си жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияга 1627 адам алынган.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 3887. Оорулуулар менен карым-катнашта болгон адамдардын саны 17 929 адамды түздү.