Президенттин аппаратынын жетекчисинен жана 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Досалы Эсеналиев

Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевден жана 8 кызматкерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 27-июнда билдирди.

«Алардын баары үй шартында обочолонуп, медиктердин кеп-кеңештерин алып жатышат жана аралыктан иштөөнү улантышууда. Оорунун белгилери ар кимде ар түрдүү өтүүдө, абалдары канааттандырарлык», — деп жазылат билдирүүдө.

Үч күн мурда президенттик аппараттын 8 кызматкеринен Covid-19 тастыкталган. Мындан улам кызматкерлердин бардыгы анализ тапшырышкан. Көпчүлүк кызматкерлер аралыктан иштеп жатышат.

Буга чейин, 24-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков менен бирге Орусиянын Москва шаарына барган делегациясынын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталган. Буга байланыштуу өлкө башчысы Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгын майрамдоого карата иш-чараларга катышпай, Бишкекке кайткан.

Кийинчерээк президенттин коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы кабарланган.