Президенттик аппараттын 8 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Президенттик аппараттын кызматкерлеринин арасында 8 кишиден коронавирус табылды — алар оорулуулар менен карым-катнашта болгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн», — деп жазылган билдирүүдө.

Коронавируска чалдыккан кызматкерлерде илдеттин симптомдору жок болгондуктан алар үй шартында дарыланып жатышат. Ал эми аппараттын көпчүлүк кызматкерлери аралыктан иштөөгө өтүштү.

Буга чейин, 24-июнда, президент Сооронбай Жээнбеков менен бирге Орусиянын Москва шаарына барган делегациясынын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталган. Буга байланыштуу өлкө башчысы Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгын майрамдоого карата иш-чараларга катышпай, Бишкекке кайткан.

Кийинчерээк президенттин коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы кабарланды. Жээнбеков үч күн обочодо болот.