Акыркы суткада коронавируc 235 кишиден аныкталды — жалпы 4738 учур

Иллюстративдик сүрөт. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Республикалык штабдан билдиришкендей, 28-июнга карата өлкө боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 235 учуру катталды. 

Жаңы учурлардын эң көбү Бишкек шаарында аныкталды — 107. Чүй облусунда — 43, Ош шаарында — 33, Ош облусунда — 9, Нарын облусунда — 1, Жалал-Абад облусу — 15, Ысык-Көл облусунда — 14, Баткен облусунда — 13 адамдан коронавирус табылды.

Инфекция жаңыдан катталган учурдардын эки пайызы сырттан келген адамдардан аныкталса, калганы байланышта болгон кишилерден табылды.

Ошол эле учурда 30 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды: Бишкек шаары — 15, Чүй облусу — 2, Ош шаары — 1, Ош облусу — 3, Нарын облусу — 3, Жалал-Абад облусу — 6.

Кыргызстан боюнча СOVID-19 шарттаган ооруга чалдыккандардын саны 4748ге жетти. Анын ичинен 2242 бейтап айыгып чыкты, 47 киши каза болду.

Аймактар боюнча жалпысынан Бишкек шаарында — 1877, Чүй облусунда — 793, Нарын облусунда — 470, Ош шаарында — 627, Ош облусунда — 477, Жалал-Абад облусунда — 303, Ысык-Көл облусунда — 95, Баткен облусунда — 64 жана Талас облусунда 42 учур катталды.

Учурда ооруканаларда 685 адам дарыланууда — алардын 20сы жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча үй карантинине 1774 адам алынган.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 4 017. Оорулуулар менен карым-катнашта болгон адамдардын саны 18 623 адамды түздү.