Ноокатта шахтадагы газга ууланып бир киши каза тапты

Сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Ош облусунун Ноокат районундагы «Жин-Жиген» шахтасында бир адам газга ууланып, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маркумдун сөөгү 28-июнда табылды. ӨКМдин кызматкерлери аны шахтадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.

Райондун Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадумаровдун «Турмуш» басылмасына курган маегинде маркум башка аймактын тургуну экенин божомолдоду. Анын айтымында, сөөк көпкө туруп калгандыктан адамдын жүзү таанылгыс абалга келген.

«Негизи ал жакта жашаган жашоочулар Кызыл-Кыянын тургундары, жер бизге карайт. Ал жактагы шахталарды толугу менен жапканбыз. Маркум качан, кантип ал жакка барып калганын билбейбиз», — деди Мадумаров.

Буга чейин, 23-июнда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр шахтасында төрт адам газга ууланып көз жумган. Кийинчерээк алар шахтага мал издеп киргени белгилүү болду. Кырсыктын чоо-жайын аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.