Бир суткада коронавирус жуктурган 7 бейтап каза болду — тизме

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 30-июндагы брифингде коронавирусту жуктуруп алган дагы 7 бейтап каза болгонун кабарлады. Алар:

  • Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 55 жаштагы жана 76 жаштагы эркек киши;
  • Ош шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 71 жаштагы жана 49 жаштагы аял;
  • Бишкектеги №2 Клиникалык төрөт үйүндөгү 27 жаштагы аял;
  • Чүй облусундагы Жайыл аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 44 жаштагы эркек киши;
  • Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында дарыланып жаткан 53 жаштагы эркек киши.

Ушуну менен коронавирустан каза болгон жарандардын саны 57ге жетти. Ал эми Кыргызстан боюнча коронавирустун жалпы 5296 учуру катталды.

Коронавирустан улам каза болгондордун эң көбү Бишкек шаарында катталды — 16 учур. Ош облусунда COVID-19дан көз жумгандардын саны 13тү түздү. Ошондой эле Ош шаарында сегиз, Чүй облусунда жети, Жалал-Абад облусунда алты, Нарын облусунда төрт, Ысык-Көл жана Талас облустарында бирден бейтап кайтыш болду.