COVID-19: Саламаттык министрлиги ооруканаларда орун жетишсиз экенин моюндады

30-июнда өткөн брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Бишкек жана Ош шаарларынын ооруканаларында бейтаптар үчүн орундар жетишсиз экенин билдирди.

«Бүгүнкү күндөгү башкы маселелердин бири — бул орундардын жетишсиздиги, негизинен Бишкек менен Ошто. Пневмония болгон оор абалдагы адамдардын саны тез өсүп кетти», — деп билдирди Каратаев.

Ошондой эле ал өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калып жатканын, ал эми акыркы он күндөн бери коронавирус тастыкталган жана пневмония менен ооругандардын саны тез өсүп кеткенин кошумчалады. Ушул себептен улам Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптар үчүн кошумча орундарды уюштуруу чечимин кабыл алган.

Өкмөт — орундар жетиштүү, врачтар — жетишсиз

Буга чейин өкмөт коронавирус жугузуп алгандар менен пневмония болгондор үчүн кошумча орундарды даярдаганын билдирген. Өкмөттүн пресс-релизинде «бейтаптар үчүн орун жетиштүү» деп айтылган.

Өкмөттүн бардык жерде орундар жетиштүү деген билдирүүсүн Курортология институтунун директору Марат Сагынбаев дароо төгүнгө чыгарды. Өкмөт ал жерде кошумча 120 орун даярдалганын көрсөткөн болчу.

Анын айтымында, институтта 120 койканы алты бөлүмгө араң батырууга мүмкүн болгон.

«Бардык орун бош эмес. Кимдир бирөө жеке клиникага кетсе, биз анын ордуна дароо башкасын чакырабыз. ССМ муну бир күндө эки жолу текшерип турат. Биздеги койкалар бош жатпайт. Бизге адамдар оор абалда келишет, орто жана жеңил абалда келгендер чынында жок», — деди ал.

ССМдин буйругу боюнча №1 шаардык клиникалык ооруканага 27-июнда пневмония менен ооругандар үчүн 80 койка бөлүнүп берилген. Бирок кечинде ал жакка 90 бейтап алынып келинген, айрымдарын аргасыздан коридордорго жаткырышкан.

Дарыгерлердин бири интервьюда дээрлик бардык бейтаптар оор абалда экенин айткан.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 30-июнга карата коронавируска чалдыккандардын саны 5296 адамга жетти. Ошондой эле стационарларда 721 адам жатат, алардын 23ү — реанимацияда. Пневмония менен ооругандардын саны кескин өсүп кеткенине байланыштуу ооруканаларга катуу күч келүүдө.