Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда парламентте жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алгандан кийин сөз сүйлөп чыкты. Ал коронавирустун пандемиясы шартында экономикалык кырдаал оор болуп атканына байланыштуу бийлик азырынча карантин чаралары менен чектөөлөрдү киргизбесин айтты.
«Чектөөлөр аркылуу тартипти камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, кайрадан карантин режимин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөөгө азырынча барбайбыз. Экономикалык ишмердик чектелбегени менен, санитардык чектөөлөр алынган жок. Жарандар, ишкерлер эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык нормаларын катуу сактоого милдеттүү», — деп билдирди президент.
Президент жаңы өкмөттүн өлкөдө кырдаалды тез арада оңдой ала турган «антикризистик өкмөт» боло алааарына ишенээрин айтты.
«Кимдин ким экени, унчукпай кылып жаткан иши да, курулай, карандай гана сөзү да ушундай мезгилде билинет», — деп эсептей Жээнбеков.
Жээнбеков өзгөчө абал алынгандан бери илдетти жугузгандардын саны көбөйүп жатканын, мунун негизги себеби медициналык талаптарды аткарбоо экенин билдирди.
«Көп адамдар катышкан аш-тойлорду, эл көп чогулган башка салтанаттарды өткөрүү кайрадан башталды. Бул илдеттин коркунучу олуттуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат. Айрымдардын “илдет жок, бул — саясат” дегендерине эл ишенип, адамдар жалган сөздүн курмандыгы болгону турат», — деди президент.
Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга кайрылып, «калтын ден соолугуна кайдыгерлик кылып, элге душмандык кылбоону» суранып, андан тышкары, «айрым мекендештер менен аткаминерлердин массалык иш-чараларды, тойлорду өткөрө башташканын» улуттун саламаттыгына жана коопсуздугуна жасалган кыянатчылык деп атады.
«Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уят-сыйыт, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт», — деди Жээнбеков.
Ал Республикалык штабды эпидемиологиялык талаптарды бузгандарды жоопкерчиликке тартууну жана абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон мындай салтанат-тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын көрүүгө үндөдү.
Ал Кыргызстанда өзгөчө кырдаал режими дагы деле алына электигин, ал эми коронавируска каршы күрөшүү жоопкерчилиги комендатурадан жергиликтүү бийлик органдарына өткөнүн (өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, калаа мэрлерине, район акимдерине жана айыл өкмөт башчыларына) эскертип өттү.
ӨА режимин кайра киргизүү маселеси тууралуу
Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев25-июнда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабда ӨА режимин кайрадан киргизүү мүмкүнчүлүгү каралаарын билдирген.
Эртеси күнү премьер-министр Кубатбек Боронов Штабдын жыйынында өкмөт мындай абалга жеткирбөө үчүн бардык күч-аракетин жумшайт деп айткан.
Өзгөчө кырдаал режими Кыргызстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында киргизилген.
Ал эми 24-марттан 11-майга чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, ошондой эл Ноокат, Сузак, Кара-Суу жана Ат-Башы райондорунда өзгөчө абал режими иштеген.
ӨА режими алынгандан кийин Кыргызстанда жаңы жуктургандардын да, каза болгондордун да саны кыйла өсүп кетти. Соңку аптада каза тапкандар тууралуу күн сайын кабарлашууда, алардын саны 57 адамга жетти. Жалпысынан өлкөдө 30-июнга карата 5 296 жуктуруу учуру катталды, 2 562 адам айыкты, 2 677 бейтап ооруканада.
ТЕМА БОЮНЧА: Канча көп тест тапшырылса, ошончо көп бейтап аныкталат. Коронавирус кептеген көйгөйдү түшүндүрүп беребиз