Өкмөт ӨА режимин киргизбеш үчүн болгон аракетин жумшайт — Боронов

Эрежелери катуу каратинди, өзгөчө абал режимин киргизүү — бул эпидемиологиялык абал өтө начарлаган шартта мамлекет тарабынан көрүлө турган акыркы чаралар. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын 26-июндагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай абалга жеткирбөө үчүн өкмөт бардык күч-аракетин жумшайт.

«Ошол эле учурда бардык тийиштүү санитардык эрежелерди жана талаптарды сактоо үчүн жарандардын аракеттешүүсү керек. Ошондо гана биз тыюу салуучу карантиндик чараларды киргизбей коё алабыз», — деп белгиледи өкмөт башчысы.

Боронов экономикалык ишмердүүлүктүн негизги чөйрөлөрүн жандандырган учурдан тартып бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында эпидемиологиялык абал күндө начарлап жатканын түшүндүрдү. Өкмөттүн маалыматына ылайчык, ооруга чалдыккандардын 50% инфекцияны кайдан жугузуп алышканын билишпейт.

Мындан тышкары, өкмөт башчысынын айтымында, ооругандарды медицина мекемелерине жаткыруу маселеси көйгөйлүү бойдон калууда, 118 линиясына чала албай, тез жардам кызматынын убагында келбей жатканына даттануулар түшүүдө. Ал Бишкекте иштеп жаткан 20 линия жетишсиз экенин жана аларды «жок дегенде эки эсе» көбөйтүш керектигин белгиледи.

«Бишкекте, Чүй облусунда жана Ошто орундардын санын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден тышкары, кошумча орундарды даярдоо керек. Бишкектин медициналык мекемелери толуп калган шартта жарандар Чүй облусундагы ооруканаларга жаткырылат», — деди Боронов.

Премьер-министр «Семетей» обсерваторундагы корпустардын ремонтун тезинен аяктоонун, ошондой эле кыска мөөнөттүн ичинде «Ак Кеме» мейманканасын илдетке кабылган адамдарды кабыл алуу үчүн даярдоонун маанилүүлүгүн айтты.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов азыркы учурда Бишкекте жарандар үчүн медициналык мекемелерде 540 кошумча орун даярдалганын билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү 118 колл-борборуна кайрылгандардын саны 5 эсеге өскөн.

«Аны менен бирге 118 кызматында психологиялык колдоо көрсөтүлүшү шарт. Колл-борбордун толук кандуу ишин жана диспетчерлеринин сапаттуу иштөөсүн камсыздагыла, линия бош болуп, жарандар чалып, кеңеш алып турушсун», — деди Кубатбек Боронов.

Саламаттык сактоо министирлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, COVID-19 симптомдору пайда болгондо, жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлерге чалуу сунушталат. Алар кеңеш беришип, зарылдыгына жараша тиешелүү дарылоо курсун дайындашат.

Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев муниципалитет дезинфекциялоо максатында коомдук тамактануу жайларынын, соода аянттарынын ишин саат 22:00 чейин чектөөнү пландап жатканын билдирди.

Ошондой эле Республикалык штабдын жыйынында коронавируска каршы күрөшүү иш-чараларын каржылоого багытталган маселелер талкууланды. Саламаттык сактоо министрлигине, ӨКМге, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна күз мезгилине карата болжолдуу чыгымдар боюнча эсептөөлөрдү берүү тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн сутка ичинде дагы 250 адамдан коронавирус тапты. Жалпы айтканда, 26-июнга карата өлкөдө коронавистун тастыкталган учурлары 4 204 болуп катталды, алардын ичинен 2 162 адам айыкты, 43 адам каза таап, 1 999 адам дарыланып жатат. 46 бейтап оор абалда, 12 адам реанимацияда.