Коронавируска чалдыккандардын саны 5735ге жетти — бир суткада 439 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 1-июлдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 439 учуру катталганын билдирди. Бул рекорддук көрсөткүч.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан — 195;

Чүй облусунан — 175;

Жалал-Абад облусунан — 24;

Ош шаарынан — 5;

Талас облусунан — 12;

Ош облусунан — 5;

Нарын облусунан — 10;

Баткен облусунан — 13 адамдан коронавирус аныкталды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5735ге жетти. Илдеттен 62 киши каза болуп, 2443 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 2197. Ал эми Чүй облусунда — 1047, Ош шаарында — 656, Ош облусунда — 489, Нарын облусунда — 494, Жалал-Абадда — 360, Ысык-Көлдө — 119, Баткенде — 90 жана Талас облусунда 77 учур катталды.

Ооруканаларда 750 адам дарыланууда. Алардын ичинен 19 киши жандандыруу бөлүмүндө. Үй карантинине 2480 адам алынган.