Вице-премьер Алмазбек Баатырбеков COVID-19га чалдыккан жок — өкмөт

Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов 2-июлда вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков жана өкмөттүк аппараттын башчысы Таалайбек Темиралиев коронавирус жуктурду деген маалымат анык эмес деп кабарлады.

24.kg басылмасы буга чейин аткаминерлер коронавирус жуктуруп алганын министрлер кабинетиндеги булагына таянып билдирген.

«Алмазбек Баатырбеков менен Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адамдар катары обочодо. Алар аралыктан иштеп жатышат», — деди Эсенгулов.

Буга чейин өкмөттүн басма сөз кызматы вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин коронавируска тапшырган ПЧР-анализи оң жыйынтык көрсөткөнүн кабарлаган болчу.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Асрандиев аралыктан иштөөнү улантып жатат, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал өзүн жакшы сезип жатат, тиешелүү дарылануу курсун алып жатат.

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн мүчөлөрү бүгүн 30-июнда парламентте президенттин катышуусунда ант беришкен.

Асрандиевден тышкары, ант берүүгө өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Таалайбек Темиралиев, маданият министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов катышкан эмес — алар коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон адамдар катары обочодо болушууда.

Өткөн сутка ичинде өлкөдө коронавирус 526 адамда аныкталды, алардын 211и Бишкекте катталган. 2-июлга карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 6261 учуру катталды.

Өлкө боюнча 2530 адам айыгып, 66 бейтап коронавирус өөрчүткөн оорудан каза тапты.