Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевден коронавирус аныкталды

Эркин Асрандиев

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин коронавируска тапшырган ПЧР-анализи оң жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан 30-июнда кабарлашты.

«Ага карабастан, Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды», — деп билдиришти Республикалык штабтан.

Вице-премьер менен карым-катнашта болгон:

  • Өкмөттүн апаратынын жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев;
  • Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов;
  • Юстиция министри Марат Жаманкулов;
  • Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов,

Асрандиев менен контакттык байланышта болгондор обочолонуп иш алып барууда.

Буга чейин өкмөт аппаратынын 26 кызматкери коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон. Ошондой эле президенттин аппаратынын 17 кызматкеринде жана Жогорку Кеңештин беш депутаты жана төрт кызматкеринде COVID-19 аныкталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бир кадр менен: Абылгазиевди узатууда аралык менен санитардык талаптар сакталган жок

«Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек». Президент өкмөттү санитардык эрежени бузганы үчүн сындады