«Психиатриялык оорукананын дарыгери бир жарым ай зордуктады». Чынаранын окуясы

Жалал-Абад шаарынын тургуну Чынара Камбаралиева аны облустук психиатриялык борборунун мурдагы дарыгери Алым Дилдеев өткөн жылы бир жарым ай зордуктап, сабаганын айтууда. Анын окуясы тууралуу «Регион» телеканалы атайын берүү даярдаган.

Жалал-Абад облустук милициясы окуяны териштирип жатат. «Клооптун» журналисти Камбаралиевага байланышып окуянын чоо-жайын сурап, тараптардын пикирлерин чогултту.

«Улуу кишиге мажбурлап күйөөгө беришкен»

Чынара мектепти аяктагандан кийин юриспруденцияда окууну каалагандыктан ата-энеси менен пикир келишпестик чыккан. Себеби, алар анын мындай окууга тапшыруусуна каршы болушкан. Ага карабастан Чынара билим алуу үчүн өз алдынча иштеп баштаган.

Чынара Камбаралиева. Сүрөт «Регион» телеканалы даярдаган көрсөтүүдөн скриншот кылып алынды

«Атам “чоң энең табып болгон, сен да анын жолун улашың керек” дечү. Мен андайга таптакыр макул болгон эмесмин, андай жөрөлгөлөргө каршы болчумун. Иштеп жүрдүм. Боорум ооругандыктан тапкан акчама дарыланып жаттым. Окууга жетише албай, ошентип окубай калдым», — деди ал.

Андан соң Чынараны 2011-жылы өзүнөн 11 жаш улуу киши ала качып кеткен. Ал каршылык көрсөткөнүнө карабай, ата-энеси мажбурлап турмушка узатышкан.


«Тааныбаган, өзүмдөн 11 жаш улуу киши менен жашап калдым. Көңүлүм жок болчу, бирок башка айлам жоктугунан жакшы мамиледе болгонго аракет кылдым. Кош бойлуу болдум, бирок ал чарчап калды», — деп ыйлады ал.


Чынара күйөөсү менен 8 айдай жашагандан кийин алар эки ажырым жолго түшкөнүн айтат. Ошентип ал ата-энесинин үйүнө кайтууга мажбур болгон.

«Ажырашып кеткенимден кийин мени жакындарым оорукчансың деп кабыл албай, жин ооруларын айыктырчу молдолорго алып барып жүрүштү. Мен дарылоо процессинде кыйналып, ден соолугума көбүрөөк зыян келди», — деген Чынара өз үйүнө да батпай көчөдө калганын айтат.

Ал баардык көйгөйлөр дал ошол маалда башталганын билдирди. Чынара батирлеп жүргөндө, 2019-жылдын май айларында милиционерлер менен атасы аны «алдап алып кетип», Жалал-Абад облустук психиатриялык борборуна жаткырышкан.


«Эки милиционер чакырып жатат дешти. Тынчылык бекен деп чыксам алар мага сөз сүйлөгөн жок, мен сүйлөгүчө болбой күч менен унаага салып, милициянын бөлүмүнө алып барышты. Ал жерден атам кошулуп мени ооруканага жеткиришти», – дейт ал.


Чынара алгач барган жери психиатриялык оорукана экендигин билген эмес. Ал буту ооруп жүргөндүктөн, атасы дарылатып берет деп ойлогон.

Чынара жаткырылган Жалал-Абад облустук психиатриалык борбору. Сүрөт «Регион» телеканалы даярдаган көрсөтүүдөн скриншот кылып алынды

«Атам бутумду дарылатып берет турбайбы деп сүйүнүп, дарыгерлердин артынан айткан жагына бардым. Оорукананын 4-кабатына чыкканда кийимимди чечүүнү айтышты. Андан соң ал жердин кызматкерлери күч колдонуп, кийимимди алмаштырышты. Мага кандайдыр бир ийне сайганын гана эстейм. Бир-нече күндөн кийин гана ойгонгом», – деди Камбаралиева.

«Бир жарым ай зордуктады»

Чынаранын сөзүнө караганда, анын бараар жери жок болгондуктан ооруканада калууга мажбур болгон. Ага башка оорулуулар менен катар дарыларды беришкендиктен ооруп жүргөн бооруна ого бетер зыян келтирген.

Чынара Камбаралиева. Сүрөт «Регион» телеканалы даярдаган көрсөтүүдөн скриншот кылып алынды

«3-4 күн өткөндөн кийин дарыгер Алым Дилдеев кол коюп бер деп чакырды. Кагазды окусам мен жолдон баратып, бирөө менен урушуп кетип жерге кулап калыптырмын. Андан кийин тоолордун арасынан ойгонуптурмун. Анан мен ага кол койбойм, бул жакка андай жол менен келген эмесмин, мени бул жакка эки милиционер алып келди, баары көрдү дедим. Ал “качан гана кол коюп берсең, анан чыгасың” деген талапты койду», – деди көзүнө жаш алып.

Камбаралиева акыр-аягы кагазга «ооруканадан чыгарат» деген ишеничте кол коюп бергенин айтты. Бирок анын ойлогондору дарыгер убадалагандай болгон эмес.

«Ооруканадан бир аял менен таанышып, жакшы сүйлөшүп калдык. Ал мени “атаң чыксын деп жатыптыр” деп өзү менен чогуу алып кетти. Көп кабаттуу үйлөрдүн бирине таштап кетти, ал жерден дарыгер тосуп алды. “Атам эскилигине барып, дарыгердин үйүнө кирип алган турбайбы” деп ойлоп, аны менен чогуу киргем. Бирок үйдө атам жок экен», — деп эскерди ошол күндү ал.

Чынара дарыгер алгач аны үйүндө ур-токмокко алып, андан кийин күч колдонуп зордуктап койгонун билдирди.


«Ал “каалаган жагыңа бар, кааласаң өзүңдү терезеден таштап сал. Сени оорулуу болчу, качып кетти деп милицияга берем. Алар сени кайра эле менин кол алдыма алып келип беришет” деди. Чынында, мен качып каякка бармак элем? Кебетем мас кишилердикиндей болуп калган эле, мага эч ким ишенмек эмес», – деди ыйлап.


Камбаралиеванын айтымында, Дилдеев аны менен 1 жарым айга – 2019-жылдын 10-июлунан 25-августуна чейин «келишим» түзөт. Ага ылайык, ооруканадан Чынарага ар түрдүү дарыларды берүүнү токтотушат, ал эми дарыгер маал-маалы менен Чынараны үйүнө алып келип, төшөк кумарына батып турган.

Ыдык көргөн Чынара «Регион» телеканалынын журналисттерине Дилдеев жашаган батирди көрсөтүп берген – эшикти эч ким ачкан эмес, бирок ал үйдүн жашоочулары батирде дарыгер Алым Дилдеев жашап кеткенин ырасташкан.

«Башка бейтаптарга 1 күнгө гана уруксат беришчү. А мени 2-3 күнгө, кээде андан ашык убакытка алып кеткенинен баары таң калышчу. Ооруканага текшерүүлөр келгенде мага уктатуучу дары берип, же ажатканага камап коюшчу. Менин жалгыз үмүтүм текшерүүчүлөр ден соолугум жайында экенин аныкташса, мен ал жактан кутулмакмын. Бирок андай болгон жок», — деп түшүндүрдү Камбаралиева.

«Оорукананын кызматкерлери Дилдеевди сыйлачу»

“Келишим” бүткөндөн кийин дарыгер Чынараны үйүнө коё берген. Ал мурдагы жашаган батирине барып жашап калган. Ал эми анын дары-дармегине жана азык-түлүгүнө достору менен кайдыгер карабаган адамдар каралашып келет.

Ал арада Чынара дарыгер жазасын алышы үчүн милицияга, укук коргоочуларга жана ар кандай уюмдарга бир нече жолу кайрылганын, бирок анын арызы журналисттерге интервью бергенден кийин карала баштаганын белгиледи.

«Кечээ соттук медициналык экспертиза үчүн 1 жыл мурдагы ич кийимимди алып келүүнү айтышты. Мен аны каяктан табам? Баары татаал болуп жатат», – дейт ал.

Чынара үч айдан бери Жалал-Абад шаарындагы Анара Тотоева аттуу аялдын үйүндө жашап келүүдө. Ошондой эле, Чынара учурда кесипкөй укук коргоочуларга жана дарыгерлерге муктаж болуп жатканын билдирди.

Ал эми Жалал-Абад облустук психиатриялык саламаттык сактоо борборунун башкы дарыгери Махпурат Оморовага байланышканыбызда, ал журналисттерге бейтаптар тууралуу маалымат бербесин айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Бирок ал «Регионго» курган маегинде, Дилдеев ооруканада 2019-жылдын апрель айынан баштап үстүбүздөгү жылдын январь айына чейин иштегенин тастыктаган. Ошондой эле, дарыгер жумушунун акыркы учурларында ичкиликке берилгенин, эмгек өргүүсүнө чыккан боюнча кайтып келбегенин кошумчалаган.

«Бизде соо адамды оорукчан деп жаткыруу учурлары болгон эмес, атайын адистер текшерүүдөн өткөрүшөт. Дарыгер болсо январь айында өз каалоосу менен бошоп кеткен. Азыр кайсыл жакта экенин билбейбиз, биз такыр байланышпайбыз. Бирок оорукананын кызматкерлери аны жакшы психиатр деп сыйлачу», — деген ал.

Дарыгер Алым Дилдеев. Сүрөт «Регион» телеканалы даярдаган көрсөтүүдөн скриншот кылып алынды

Ал эми милициядан Чынара Камбаралиева ооруканага «психотикалык белгилери бар инфантилдүү адамдагы күчтүү депрессиялык эпизод» (Тяжелый депрессивный эпизод с психотическими симптомами у инфантильной личности к кверулянтным позициям) диагнозу менен жаткырылганы аныкталганын билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүш башталды

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» учурда аталган окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди. Ал эми Дарыгер Дилдеевге карата Жазык кодексинин «сексуалдык иш-аракеттерге мажбурлоо» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

«Азыркы учурда соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, Алым Дилдеевдин жүргөн жерин аныктап, тергөө кызматына камсыз кылуу боюнча тийиштүү кызматтарга атайын тапшырмалар берилди», – деди Жээнтаев.

Макала чыгаар алдында, Чынара бизге байланышып, 2-июлда дарыгер менен Жалал-Абад шаардык милициясында беттештирилгенин айтты.

«Дарыгер таптакыр башка сөздөрдү айтты, барын танып туруп алды. Менин оюмча, ишим аягына чыкпайт окшойт. [...] Чындык болбой жатат, укугум корголбой жатат!» – деп ыйлады ал.

«Клооп» Чынара Камбаралиеванын ишине көз салып турат.