Кыргызстанда коронавирустан 2802 киши айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 2-июлга карата коронавирустан дагы 88 бейтап айыкканын кабарлады — алардын ичинде 10 медкызматкер бар.

Илдеттен айыккандардын 31и Бишкек шаарында жана 30у Ош шаарында катталды. Ошондой эле, Ош облусунда — 14, Чүй облусунда сегиз, Нарын облусунда төрт жана Жалал-Абад облусунда бир бейтап коронавирустан айыгып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 2802ге жетти — алардын 500ү медкызматкер.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 7311ге жетти. 5-июлга карата жаңы 283 учур катталды. Коронавирус жалпысынан 88 кишинин өмүрүн алды.