Президент ӨА режимин кайрадан киргизүү маселесин караган жок, бирок өкмөттү сынга алды

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков 6-июлда коронавирус кырдаалы боюнча Коопсуздук Кеңештин жыйынында өкмөттү жана саламаттык министрлигин кийинки абалды талдоо жана болжолдоо иши жоктугу үчүн сынга алганын кабарлады.

Жээнбековдун айтымында, өкмөт калк арасында дүрбөлөңгө жол берип, жарандарга медициналык жардам берүүнү уюштурган жок.

«Силер кадрлардын резервин толуктоо боюнча алдын ала иш алып барган жоксуңар жана кризис башталган кийин гана адистерди мобилизациялай баштадыңар», — деди президент.

Мамлекет башчысы Саламаттык сактоо министрлиги медиктерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоого жана Республикалык штабдын муктаждыктары тууралуу маалымат берип турууга милдеттүү экенин кошумчалады.

«Дарыгерлер 24 саат бою иштеп жатып, тамак-аш менен да өздөрүн өзү камсыз кылып жатканына жол берилбеши керек. Мындай чаржайытка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр калктын саламаттыгы үчүн күрөш жүрүп жатканда кимдир бирөөнү аяй турган мезгил эмес», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле президент Республикалык штаб ыктыярчылар COVID-19га каршы күрөшүү үчүн сунуштап жаткан жардамдын бардыгын ашыкча бюрократиясыз кабыл алышы керектигин айтты.

Жээнбеков Саламаттык сактоо министрлиги менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине бейтаптарды ооруканага ыкчам жаткырып туруу үчүн Бишкекте ооруканалардын санарип картасын ишке киргизүүнү тездетүүнү, ал эми Республикалык штабга дары-дармектердин рыногунда, беткап жана коргоочу каражаттардын жетишсиздигин алдын алуу үчүн чараларды көрүүнү жана көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Ошол эле учурда президент өзгөчө абал режимин киргизүү маселеси карала электигин, ал эми санитардык эрежелерди сактоо жана чектөөлөр милдеттүү экенин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 6-июлга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруунун жалпы 7 691 учуру катталды.

Пандемия башталгандан бери COVID-19га чалдыккан 2 843 бейтап айыгып, стационарлардан чыгарылган. Пандемия маалында жалпысынан 92 адам коронавирустан улам каза тапкан.

Сутка ичинде пневмониядан 18 адам көз жумду. Жалпысынан март айынан баштап пневмония 195 адамдын өмүрүн кыйды.

Саламаттык сактоо министрлиги пневмониянын толкунун коронавирус менен байланыштырган жок, анткени ооруп калгандардын көбүндө COVID-19га өткөрүлгөн анализ терс жыйынтык көрсөтүүдө.