Боронов аймактарга бейтаптардын көбөйүшүнө даярданууну тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов 7-июлда Республикалык штабдын жыйынында аймактардагы бийликке медпрепараттардын камын көбөйтүүнү, медперсоналды жана ооруканаларды коронавирус менен ооругандар үчүн даярдоону тапшырды. Ал жергиликтүү бийликтер Бишкектин ооруканаларындай болуп орундук жана врачтар жетишпей калган «абалдын кайталанышына» жол бербеши керек деп билдирди.

«Бишкек шаарында ооругандардын санынын көптүгүнө байланыштуу ооруканалар ыкчам толуп, стационарларда медицина персоналы жетишпей жатат. Ошондуктан аймактык бийлик коронавирус инфекциясына жана пневмонияга чалдыккандардын санынын мүмкүн болгон өсүшүнө даяр болууга тийиш. Борбор калаада байкалган жагдайдын кайталанышына жол бербөө керек», — деди Боронов.

Өкмөт башчысы жергиликтүү бийликтер аймактын ар бир тургунуна жеткидей зарыл болгон дары-дармек каражаттарын даярдашы керектигин айтты. Анын айтымында, ар бир аймакта бар болгон фельдшердик-акушердик пункттарга өзгөчө көңүл буруу керек.

«Алардын көпчүлүгүндө дары-дармек каражаттары жетишсиз. [...] Жергиликтүү тургундар адистердин кеңешин, же жардамын кайдан алаарын билиши керек. Ар бир жаран оорунун алгачкы белгилери пайда болсо, жергиликтүү фельдшердик пунктка кайрылышы зарыл, ал жерде квалификациялуу медициналык көмөк көрсөтүлөт. Организмдин абалынын начарлашына жол бербөө кажет. Оорусу күчөп кеткен бейтаптарды тез арада райондук, же облустук ооруканага жөнөтүү зарыл», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны өсүп жатканына байланыштуу июлдун башынан тарта өлкөдө аларды дарылоо үчүн кошумча койка-орундар даярдалып, ачылууда. Аларды бийлик гана эмес, бизнесмендер да ачууда — алар ооругандарга жардам берүү үчүн өз отелдерин жана башка дагы чоң аянтчаларын «күндүзгү стационарларды» уюштуруу үчүн берүүдө. Бирок бул орундар дагы жетишсиз болууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде Кыргызстанда ооруканадан сырткары пневмония менен ооруган, бирок коронавируска тапшырган анализи таза чыккан 29 адам жана коронавирусу тастыкталган 7 адам каза тапкан.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда ооруканадан тышкаркы пневмониядан 224 жана COVID-19у тастыкталган 99 бейтаптын өмүрү кыйылды.

Ал эми 7-июлга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруунун 8 141 учуру катталып, ошол эле маалда 2 916 бейтап ооруканадардан айыгып чыкты.