«200 миң эмес 25 миң сом». Парламент депутаттардын маяналары тууралуу үн катты

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламент мүчөлөрү канча маяна алаарын кабарлады. Билдирүүдө парламенттин депутаттары 25 миң сом, вице-спикер — 27, ал эми Жогорку Кеңештин спикери — 30 миң сом алат деп айтылат.

Бул билдирүү депутаттар ай сайын 200 миң сом маяна алышат деп билдирген фейсбук колдонуучусунун сөздөрүн төгүндөө катары чыкты.

«Фейсбук баракчасындагы биз тааныбаган атуулубуздун "ар бир депутат кассадан 200 миң сом алып атканын көргөндөр бар" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. [...] Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери жалпы жонунан башка мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген кызматкерлерден же министрлерден ашыкча эмгек акы албайт», — деп айтылат басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Басма сөз кызмат билдиргендей, өлкөдөгү коронавирус кырдаалына байланыштуу депутаттар мамбюджеттик чыгымдарын кыскартып, эмгек өргүүлөрүнөн, сатып алуулардан жана оңдоп-түзөө иштеринен баш тартышкан.

«Азыркы оор учурда, Жогорку Кеңештин депутаттары башканы коюп медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрүн өз учурунда төлөп берүү маселесин байма-бай көтөрүп келишет. Бул максатта ЖКнын депутаттары жана комитеттери мамбюджеттеги чыгымдарды кескин кыскартууга добуш беришкен. Анын ичинде Жогорку Кеңеш өзү дагы чоң кыскартууларга барууда», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Депутаттар маяналарын кечиктирбей алышат, ошондой эле каникулга кетип кала алышат — азыр эл өкүлдөрү күзгө чейин каникулда болушат.

Ал учурда, күндө өмүрүн коркунучка келтирип пандемияга каршы күрөшүп жаткан медиктер маяналары кыскартылып, деги эле маяна ала электигине даттанып келишет. Медиктердин эмгек акылары депутаттардыкында көрсөтүлгөн 20 миң сомдон кыйла аз. Алар кээде 6 000 сомдон аз сумма көрсөтүлгөн дүмүрчөктөрдү жарыялашат.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 7-июлда эле медкызматкерлердин айлыгына 25-30% кошумча акы кошулуп, төлөнүп берилерин айткан болчу.

Анын айтымында, өкмөт жакында эле кабыл алынган «Медкызматкердин макамы жөнүндө» мыйзамга киргизилген түзөтүүлөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизе баштады.

«Бишкек жана Чүй облусунда 70 миң сомдук айлык менен контракттык негизде врачтарды кабыл алуу башталды. Буга кошумча медиктер тамак-аш, турак жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалат», — деп билдирген Боронов.

Өлкөдө кун сайын медиктердин арасында коронавирус жуктуруу учуру катталганы кабарланат. 9-июлга карата медиктердин арасында 1 370 коронавирус жуктуруу учуру катталды. Саламаттык сактоо министрлиги расмий үч медик көз жумганын моюндады. Бирок кыргызстандыктар соцтармактарла алардын саны кыйла көп деп айтышууда.