Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов менен орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруп жатат. Учурда ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 9-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, министр менен орун басарынын абалы канааттандырарлык.

«Алар кандай оору менен ооруп жатканы азырынча тактала элек. Коронавируска каршы анализдер алынды, анын жыйынтыгы менен белгилүү болот. Учурда алардын абалы канааттандырарлык», — деди ал.

Буга чейин Vesti.kg басылмасы эки аткаминердин тең абалы оор экенин жазган. Ал эми айрым басылмалар өз булактарына таянып, Абдикаримов пневмонияга, Үсөнбаевден коронавирустун белгилери байкалганын белгилешкен.

9-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1370 медкызматкерге жукканы аныкталып, алардын 532си айыгып, ооруканадан чыгарылды. Андан сырткары расмий маалыматтар боюнча төрт медкызматкер каза болду.

Ал эми жалпы республика боюнча коронавирус 8847 кишиге жугуп, 116 бейтаптын өмүрүн алды. Ошол эле мезгилде 3053 киши илдеттен айыгып, ооруканадан чыккан. Андан сырткары пневмониядан март айынан бери 310 киши каза болду.