Ошто эки судья менен сот аппаратынын эки кызматкеринен Covid-19дун белгилери байкалды

Ош облустук сотунун имараты. Сүрөт: Жогорку сот

Ош облусттук жана шаардык сотунун бирден судьяларынан жана Ош шаардык сотунун эки аппарат кызматкерлеринен коронавирустун белгилери байкалгандыктан учурда алар обочого алынды. Алардан 8-июлда коронавируска анализ алынып, жыйынтыгы күтүлүүдө.

Мындан сырткары Ош шаардык сотунун бир кызматкери шаардагы ооруканалардын биринде «эки тараптуу пневмония» диагнозу менен дарыланып жатат.

«7-июлдан тарта облустук жана шаардык соттун имараттарына жарандардын кирүүсүнө чектөөлөр коюлуп, ал эми соттук отурумга катышуучу тараптар кызматкерлердин коштоосу менен киргизилүүдө», — дейт Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

9-июлга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 8847ге жетти. Алардын ичинен 614ү Ош облусунда жана 921и Ош шаарында катталган. Илдеттен өлкө боюнча 116 киши каза болуп, 3053 бейтап айыкты. Ал эми пневмониядан жалпы 310 адам каза болду.