Пандемияга байланыштуу Баткен облусуна кирип-чыгууга чектөөлөр киргизилди

Баткен облусундагы штабда 8-июлда атайын жыйын өткөрүлүп, коронавирустун жайылып кетүүсүнө жол бербөө максатында бир катар чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 10-июлдан тарта Ош, Бишкек жана башка аймактарга каттоочу коомдук унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат. Бирок, азык-түлүк, курулуш материалдарын ташыган оор жүк ташуучу унааларга облус аймагына кирүүгө болот. Бул унаалардын айдоочуларына жүргүнчү алуусуна тыюу салынат. Ал эми жүктүн мыйзамдуулугун салык кызматы көзөмөлгө алат.

Ошондой эле санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлүп, жарандардын негизсиз башка аймактарга чыгуусуна жол берилбейт. Ал эми дарылануу үчүн башка аймактарга чыгуу зарылчылыгы болсо, анда жарандар дарыгердин жолдомосу менен облустан чыга алат.

Мындан сырткары жарандардын жаратылышка эс алууга чыгуусуна да тыюу салынып, той жана башка мааракелерди өткөрбөө боюнча кабыл алынган чектөөлөргө баш ийбегендерге айыппул салынат. Ал эми облус аймагындагы мал базарлар жуманын бир күнүндө гана иштей алат.

Коронавируска байланыштуу абалдын кооптуулугу эске алынып Баткен облусунун ар бир районунда жана шаарында 200 орундуу күндүзгү стационар уюштурулат. Даярдалган бейтапканаларга коронавирустун жана пневмониянын белгилерин байкаган тургундар кайрылып, медициналык жардам ала алышат.

Мындай стационар биринчилерден болуп Лейлек районунун Исфана шаарындагы Ак-Чыйыр билим берүү борборунун базасында түзүлдү. Анда 40 орун даярдалып, стационардын демилгечиси «Ассафа-Борбору» медиктерди коргонуучу кийимдер, каражаттар жана тамак-аш менен камсыздайт.

9-июлга карата өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 8847ге жетти. Алардын ичинен 213ү Баткен облусунда катталды. Облуста 60 бейтап коронавирустан айыгып, эки киши көз жумду.