Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө эпидемиологиялык абал начарлап жаткандыктан элге кайрылуу жасады. Анын кайрылуусунда талаш жарата турган билдирүүлөр бар. «Клооп» окурмандары үчүн Жээнбековдун кайрылуусунун чын-төгүнүн талдап берүүнү чечти.

Кыскача.

  • Адам өлүмүнүн санын «ондогонго» чейин азайтты;
  • Медиктер — баатырлар;
  • Вирусту жеңиш үчүн баары биригиши керек;
  • Кырдаал «анын көзөмөлүндө», бирок көйгөй көп;
  • Бийлик эч нерсе «кымырган» эмес, анткени Жээнбеков тараптан «аёо» болбойт.

Кеңири:

COVID-19дан каза тапкандар тууралуу

Жээнбеков: Бул апаат биздин элибизге да кайгы алып келди. Илдеттин кесепетинен ондогон мекендештерибизден айрылып калдык. Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн өмүрүн арнап, элим, жерим деп жашаган инсандарыбыз кайтыш болду. Каза болгондордун жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Өз жакындарын жоготкон мекендештерибиздин аза-кайгысын тең бөлүшөбүз.

Чындыгында кандай? Өлкөдө, расмий маалыматтарга ылайык, коронавирус жана пневмониядан ондогон эмес, жүздөгөн адам каза тапты. 10-июлга карата өлкөдө коронавирустан 122, ал эми пневмониядан 350 адам каза тапты. Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 7-июлда пневмония — бул коронавирустун кесепети деп билдирген, ал эми саламаттык министрлиги бул статистиканы бириктирүүнү пландап жатат. Пневмония — бул ошол эле коронавирус экенин врачтар да айтып келишет.

Медиктердин коронавируска каршы күрөшү тууралуу

Жээнбеков: Бүгүнкү күндүн баатырлары — дарыгерлерибиз өз өмүрүн тобокелге салып, көзгө көрүнбөгөн душман менен жанын аябай, кармашып жатат. Алардын ак эмгегине таазим этип, терең ыраазылык билдирем.

Чындыгында кандай? 10-июлга карата өлкөдө коронавируска чалдыккан медиктердин саны 1450гө жетти, алардын ичинен бешөөсү гана COVID-19дун кесепеттеринен каза тапкан деп расмий саналат. Айрым медиктер пневмония диагнозу менен каза болууда, бирок бийлик аларды коронавирустан каза болгондордун статистикасына кошкусу келбей жатат.

Ошол эле учурда бийлик вирус жуктуруп алган медиктерге 200 миң компенсация төлөп берүүнү убадалаган. Учурда 41 медик компенсация алаары белгилүү, калган учурлар боюнча кылдат иликтөөлөр жүрүп жатат. Каза болгон медиктердин үч үй-бүлөсү гана мамлекеттен 1 млн сом компенсация алган.

Ошол эле учурда медиктер коргонуу каражаттары менен жабдуулардын жетишсиздиги тууралуу дайыма айтып келишет. Бейтаптарды куткаруу үчүн аларга кээде бузулуп калган машинаны түртүп от алдырууга туура келет.

Ал убакта бийлик саламаттык министрлигинин эсебине түшкөн кайыр садагаларды айкынсыз коротууда: Медиктерге 100 млндон ашык акча: Саламаттык министрлиги кайыр садагаларды кантип айкынсыз коротуп жатат

Тилектештик тууралуу

Жээнбеков: Азыр элдин саламаттыгы үчүн аёосуз күрөш болууда. Бул күрөштүн ийгилиги — элдин биримдигинен көз каранды.

Ишкерлерибиз, ыктыярчылар, деги эле кайдыгер эмес мекендештерибиз жардамдарын көрсөтүүдө.

Жоопкечилик — ар бирибизде. Ар бир жаран — өз үй-бүлөсү, балдары үчүн жоопкер. Менин жоопкерчилигим — элимдин алдында. Сиздердин колдооңор менен бул кыйынчылыктарды жеңебиз. Мен сиздерге ишенем, урматтуу мекендештерим.

Чындыгында кандай? Бул жерде Жээнбеков таамай айтты. Өз ара жардамдашуу, тилектештик жана жарандык жоопкерчилик — мунун бардыгы коронавируска каршы күрөштө жардам берүүнү чечкен кыргызстандыктар тууралуу.

Адамдар бириге калып бири-бирине жардам көрсөтө башташты. Пандемия башталгандан бери адамдар жок дегенде тамак-ашка акчасы жокторго жардам берүү үчүн ыктыярчылыкка барып, каражат чогултушту. Бийлик органдары ооруканаларда жеке коргонуу каражаттары жоктугун ачык айтып чыккан врачтарды кечирим суратып жаткан чакта кыргызстандыктар медиктер үчүн коргоочу каражаттарга өз алдынча каражат чогултушту.

Бизнесмендердин көпчүлүгү карантин учурунда ири каражаттардан кол жууп калганына карабастан бийлик аларды пандемия менен күрөшкө чакырып, алар көмөк көрсөтүүгө аттанышты. Бизнесмендер, ырчылар, диний ишмерлер, студенттер — булардын бардыгы ИВЛ аппараттарын, коргоо каражаттарын, дары-дармектерди сатып алууга көмөктөшө баштап, ыктыярчылыкка барып же обсервация жана стационарлар үчүн орун жайларды берип жатышты.

Ошол эле кезде бийлик муктаж үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк баштыктары менен жардам берип атканда да алар кайыр-садага акчаларын болушунча айкынсыз коротушту.

Жашыруун: Калаа бийлиги муктаждардын азык-түлүгүнө деген 6 млн сом кайыр садаганы кандай коротконун жашырууда

Адам өмүрү тууралуу

Жээнбеков: Адам өмүрү — баарынан кымбат. Өлкө президенти катары мен үчүн мындан өткөн ыйык да, бийик да түшүнүк жок. Ар бир жараныбыздын саламаттыгы — мамлекеттик мааниге ээ.

Чындыгында кандай: Карантин алынгандан кийин өлкөдө коронавирус жана пневмония менен ооругандардын саны кескин өсүп баштаган. Ооруканалар бир заматта толду.

Бирок кийинчерээк дарыгерлер ооруканаларда оор абалдагы адамдар эмес, симптомдорду жеңил болгон аткаминерлер менен саясатчылар жатаарын жашыруун билдире башташкан.

Врач Кыргыз-түрк ооруканасына «тааныш-билиши» барлар жаткырылып атканын айтып берди

Жеке көзөмөл тууралуу

Жээнбеков: Жооптуу аткаминерлерден элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп иштешин талап кылып жатам. Азыркы кырдаалдагы көйгөйлөрдүн чечилиши жеке өзүмдүн, Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө. Кайсы өлкө болбосун, элдин бийликке болгон талабы күчөөдө. Бул табигый көрүнүш. Бизде да элдин талабы, кайсы бир маселелер боюнча нааразылыгы ачык айтылууда. Баарын көрүп, түшүнүп турам. Кемчиликтер аз эмес. Мен да сиздердей болуп алардын тез чечилишин каалайм.

Чындыгында кандай? Кыргызстандыктар президенттин коронавируска каршы күрөштө чечкиндүү аракеттери менен реакцияларын көрүп, билип же туйбай калгандыктан аны #менинпрезидентинмэмес деп атай башташты. Бул анын үн кантпай келишине жана алар Жээнбеков үчүн добуш берген эмес деген да камтыган ой.

Ошол эле кезде Жээнбеков бүгүнкү күнгө чейин ӨА режимин жарыялай элек, анткени учурда күн сайын коронавирус жуктурган 300дөн ашуун адам аныкталып аткандыктан бул режим абадай эле керек болуп турат. Жуктуруу учурларынын бардыгы өлкө ичинде болууда, тыштан келген учурлар аныкталган деле жок, себеп дегенде чек аралар жабык.

Кыргызстандын жетекчилигине кайрылуу: бизге кайрадан катаал карантин керек, бирок аны мурдагыйда эмес, акылга салып уюштуруу керек. Кантип экенин түшүндүрөбүз

Акча тууралуу

Жээнбеков: Эл арасында азыр суроо көп. Алардын бири — чет элден, эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды бийликтегилер «жеп койду» деген сөз.

Бул боюнча өкмөт элге ачык маалымат берүүдө. Бизде ачык коом.

Элдин, мамлекеттин ырыскысына кол салгандарга мен тараптан аёо жок экенин билесиздер. Ошондуктан, сиздер менен биргеликте өлкөгө келген жардамды максатсыз коромжу кылдырбайбыз.

Чындыгында кандай? Кыргызстан коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшкө миллиондогон долларларды алды жана дагы жүздөгөн миллион доллар алууну көздөйт.

Жалпысынан коронавируска жана анын кесепеттерин жоюуга Кыргызстан 645 млн долларга чукул каражат сарптоону пландап жатат. Бул республикалык бюджеттеги 15,7 млн доллар, дээрлик 2,2 млн доллар кайыр садагы жана эл аралык уюмдардын акчасы.

Бул кредиттик акчаларадын бир бөлүгү, анын ичинде бюджеттин эсебинен иштегендерге маяна төлөп берүү үчүн коротулган, ал жакка врачтар менен дарыгерлер да кирет. Бирок каражаттар кантип сарпталганын текшерүү мүмкүн эмес. Бул боюнча ачык маалымат жок.

COVID-19га каршы күрөшкө миллиондогон доллар короду. Бирок бийлик анын эсеп-чотун жашырууда