ССМ: Коронавирус менен пневмониянын статистикасын бириктирүү маселеси каралууда

Айнура Акматова

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-июлдагы брифингде пневмония менен коронавирустун статистикасын бириктирүү маселеси каралып жаткандыгын билдирди.

«Коронавирус пандемиясынын баштапкы мезгилдеринде өлкөдө пневмония оорусунан каза болгондор бирден же экиден гана катталчу. Дарыгерлер алардан COVID-19 аныкталмайынча статистикага кошчу эмес. 20-июндан кийин пневмониядан каза болгондордун саны кескин өсүүсүнүн айынан жана ал ооруну коронавирус шарттап жаткандыктан статистиканы бириктирип, бир багытта кароо маселеси талкууланып жатат», — деди Акматова.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 7-июлдагы брифингде жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын айткан. Анткен менен коронавирус менен пневмония боюнча статистика ар башка жүргүзүлүүдө.

Мунун себебин Саламаттык сактоо министрлиги пневмонияга чалдыккандардын COVID-19га жасалган анализи терс жыйынтык көрсөтүп жатканы менен түшүндүрүп келет.

Пневмония — дем алуучу органдарды, айрыкча өпкөнү сезгенткен оору. Оорунун пайда болушун бактериялар, вирустар жана козу карындар шартташы мүмкүн. Алар организмге көбүнчө дем алуу органдары, кээде кан аркылуу кирет.

Кыргызстанда акыркы суткада пневмониядан 44 бейтап каза болду. Өлкө боюнча пневмониядан ооругандардын саны 3695ге жетти. Алардын ичинен 268и каза болуп, 1907 киши айыкты.

Ал эми өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 8486га жетти. СОVID-19дан каза болгондордун саны 112ни түздү, ошондой эле 2983 бейтап коронавирустан сакайды.