Театр актрисасы Жыргал Көбөгөнова оорудан улам кайтыш болду

13-июлда Эмгек сиңирген артист, Кыргыз улуттук академиялык драма театрынынын актрисасы Жыргал Көбөгөнова 72 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.

Некрологдо Көбөгөнова «катуу оорудан» улам каза болгону жазылган, бирок ал кайсы оорудан көз жумганы маалымдалган эмес.

«Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Сахна жылдызы Жыргал Абдыашым кызынын жаркын элеси эч убакта унутулбайт. Маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз», — деп жазылат анда.

Ата-эне жолун жолдогон кыз

Көбөгөнова Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында Кыргызстандын Эл артисттери Абдыашым Көбөгөновдун жана Сайрагүл Балкыбекованын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Анын актрисалык таланты мектеп кезинен башталып, жаш кезинен эле бир катар сынактарга катышкан. 15 жашынан Фрунзедеги (азыркы Бишкек) Цирк өнөрү студиясында тарбияланып, бир жылдан соң Кыргыз мамлекеттик цирки ачылганда гимнаст-артисти катары эмгек жолун баштаган.

Ал мамлекеттик бий ансамблинде бийчи жана алып баруучу катары да чыгармачылык жолун улантып, чет мамлекеттерде кыргыз искусствосун таанытуучулардан болгон.

Андан соң ата-энесинин жолун улап, 24 жашынан Ош облустук кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген.

Ал театр сахнасында Касымали Жантөшевдин «Курманбегинде» Гүлгаакынын, Бакы Өмүралиевдин «Жүз катын» спектаклинде Тоголок келиндин, Алыкул Осмоновдун «Махабатында» Тентек кыздын образдарын жараткан.

Көбөгөнова жолдошу, Эл артисти Күнболот Досумбаев менен бирге бүткүл өмүрүн кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө арнашкан. Ал 49 жаш курагында «Эмгек сиңирген артист» наамына татыган.

Маркум Кыргыз улуттук академиялык драма театрына сахнанын чебери катары дээрлик бүт өмүрүн арнады.