Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова реанимациядан чыкты. Бул тууралуу өзү Facebook баракчасына жазды.

«Канча күн, түн, саат, минут, секунд, көз ирмем экенин билбейм. Жашоо үчүн күрөштүм. Балдарым, үй-бүлөм, бир тууган, дос, жоролорум үчүн күрөштүм… Кудайдын көзү түздүгүбү, боору оорудубу үй-бүлөмдүн, балдарымдын кашындамын», — деп жазды ал.

Мусабекова ошондой эле, аны ажалдан алып калган дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Он күн мурда Жылдыз Мусабекова абалы оор экенин айтып, ыктыярчы дарыгерлерден жардам сурап кайрылган. Кийин анын реанимацияга түшүп калганын уулу социалдык тармакка жазган болчу.

Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында дагы пневмонияга кабылгандар бар. Алардын бири вице-спикер Аида Касымалиева. Учурда ал пневмониядан дарыланып жатканын айтты. Ага чейин мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, каза болгон. Ошондой эле, илдет депутат Бактыбек Турусбековдо, экс-депутат Камчыбек Ташиевде жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевде да аныкталган.