Жылдыз Мусабекова. Сүрөт Парламенттин басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекованын абалы оорлошуп, реанимацияга түштү. Бул тууралуу уулу Кубаныч Аманбеков 5-июлда Facebook баракчасына жазды.

Буга чейин эл өкүлү Мусабекова социалдык тамак аркылуу кайрылып, тез жардам кызматы чакырууга келбей жатканын айткан. Ошондой эле ыктыярчы дарыгерлерден жардам сураган.

«Жөтөл жок, грипп жок, болгону башым ооруп, сай-сөөгүм сыздап ооруп жатат. Өз алдымча басуу кыйын болуп калды. Башкалар сыяктуу эле тез жардам жок, үйгө чакырсам эч бир дарыгер келбейт, Өзүм басып барганга шай жок. Азыр медиктер үйгө киргенден дагы коркуп калышыптыр. Элдик ыктыярчылар тобундагы медиктерден жардам болобу?» — деп кайрылуу жасаган.

Айрым ЖМКлардын жазышынча Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков менен Бактыбек Турусбеков дагы пневмонияга кабылганын жазышты. Бирок Жогорку кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Чыныбай Турсунбековдун абалы «туруктуу» деп билдирди.

Андан сырткары депутаттар Бейшеналы Нурдиновдон, Бакыт Төрөбаевден, Тазабек Икрамовдон жана Экмат Байпакбаевден коронавирус табылганы ырасталган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу дагы коронавируска каршы дарыланып, андан айыккан.

6-июлга карата Кыргызстан боюнча коронавирус 7691 кишиден табылып, 2843 киши оорудан айыкты. Ал эми илдет 92 кишинин өмүрүн алды.