Вице-спикер Касымалиева пневмонияга кабылып дарыланып жатканын айтты

Аида Касымалиева

Вице-спикер Аида Касымалиева фейсбук баракчасында эки жума мурун оорунун белгилерин сезип, коронавируска тест тапшыргандыгын айтты. Ал терс жыйынтык көрсөткөн.

«Мен дароо үйдөн кетип, обочолонуп жалгыз калдым. 26-июнда тесттен өтүп, 29унда ал терс болуп чыккан. Бирок 4-июлда КТ эки тараптуу пневмонияны көрсөттү», — деди ал.

Анын айтымында, «бардык кыйынчылыктар артта калды».

«Дарыгердин көзөмөлүндө мен бардык дарыларды алдым, кыйынчылык артта калды деп айта алам. Мен ооруну оңой өткөрдүм дебейм, бирок өпкөнү өз убагында текшерттим», — деп жазган вице-спикер.

Касымалиева азырынча обочодо болот, «башкаларга жуктурбоо үчүн көчөгө чыкпаш керек» дейт ал.

Пневмония дагы көптөгөн саясатчылар жана аткаминерлерден аныкталган.

Эки тараптуу пневмонияга мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да чалдыккан. Мындан тышкары, анда өнөкөт диабеттин II түрү жана жүрөк-коронардык оорулары да бар.

Анын кызмат ордуна келген Сабиржан Абдикаримовдон да пневмония тастыкталган.

Ошондой эле илдет депутат Бактыбек Турусбековдо, экс-депутат Камчыбек Ташиевде жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевде да аныкталган.

Ал эми пневмонияга чалдыккан депутат, мурдагы спикер Чыныбай Турсунбеков 7-июлда көз жумду.

Дарыгерлер учурдагы пневмония COVID-19дун оор түрү деп эсептешет.