Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова учурда ооруп жатканын Facebook баракчасына жазды. Ал ооруп жатканын айтып, төшөктөн тура албай калганын белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү тез жардам кызматы чакырууга келбей жатканын айтты.

«Жөтөл жок, грипп жок, болгону башым ооруп, сай-сөөгүм сыздап ооруп жатат. Өз алдымча басуу кыйын болуп калды. Башкалар сыяктуу эле тез жардам жок, үйгө чакырсам эч бир дарыгер келбейт, Өзүм басып барганга шай жок. Азыр медиктер үйгө киргенден дагы коркуп калышыптыр. Элдик ыктыярчылар тобундагы медиктерден жардам болобу?» — деп Мусабекова кайрылуу жасаган.

Июнь айынын ортолорунда парламенттин беш депутатынан жана парламенттик аппараттын бир нече кызматкерлеринен коронавирус табылган. Мындан улам Ак үй дезинфекцияланып, айрым кызматкерлер аралыктан иштөөгө өткөн. Июль айынан тартып депутаттар каникулга тарады.

Соңку кездери Кыргызстанда коронавирус илдетинен тышкары пневмония дагы тездик менен жайылууда. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча март айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 120 адам пневмониядан каза болгон. Акыркы бир суткада эле 23 киши өмүрү менен кош айтышкан. Аталган оорудан каза болгондор июнь айынын ортосунан тарта көп каттала баштаган.

Ооругандар аябай көп болгондуктан Бишкектеги ооруканаларда дээрлик орун калбай калган. Мындан улам өкмөт кошумча орундарды уюштурууну пландап жатат. Буга чейин оорукананын алдында медициналык жардам ала албай пневмонияга чалдыккан эки адам каза болгону тастыкталды.