Кой-Таш окуясы: Адвокаттар отурумду жылдырууну суранышууда

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу тууралуу иштин үстүндө иштеген эки адис пневмониядан каза тапты — адвокат Кайрат Загибаев жана прокурор Рустам Кожобеков.

«Кой-Таш окуясы боюнча иш алып барып аткан бир прокурор менен бир адвокат каза тапты. Биринчи май райондук соту сот отурумдарын дайындаганын улантып жатат», — дейт адвокат Бакытбек Автандил уулу.

24.kgнин маалыматына ылайык, судья Марат Сыдыков сот отурумдарын дайындаганды улантууда. Адвокат Бакытбек Автандил уулу Бишкекте ТИЗО-1де кармалып аткан иштин фируранттарын отурумдарга алып келбей жатышканын айтты.

«Кардарым Канат Осмоналиевди №47 түзөтүү абагына которушту, бирок ал менен эмне болуп жатканы эмдигиче белгисиз. ЖАМК эч кандай маалымат бербей жатат. ТИЗО-1ге адвокаттарды жана туугандарды киргизбей жатышат. Бирок чынында адамдар өздөрү деле баргандан коркуп жатышат. Ал жакта канча адам инфекция жугузуп алганы боюнча маалымат жок да», — деди ал.

Кой-Таш окуясы

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Күч органдары Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапташтары атайын операция жүргүзүп жаткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан.

Атамбаев камалгандан кийин, ал айыпталуучу катары өтүп аткан «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча бир нече кылмыш иштери козголгон.

Кой-Таш окуясына байланыштуу иш боюнча КСДПнын депутаттары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина да айыпталуучу катары өтүп жатышат.