Бир суткада коронавирустан жети, пневмониядан 41 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб Кыргызстанда 16-июлга карата жалпы 48 бейтап каза болгонун билдирди. Анын ичинен жети киши коронавирус жуктуруп, ал эми калган бейтаптар пневмониядан көз жумду.

Коронавирус жуктуруп каза болгон бейтаптар төмөнкү ооруканаларда дарыланып жаткан.

Кыргыз-түрк достук ооруканасынан — 1 (эркек, 78 жашта);

Баткен облустук ооруканасынан — 1 (аял, 71 жашта);

Нарын облустук ооруканасынан — 1 (аял, 72 жашта);

Чүй облусунун Жайыл аймактык ооруканасынан — 2 (аял, 42 жашта, эркек 63 жашта);

Талас облусунун Кара-Буура аймактык ооруканасынан — 1 (эркек, 79 жашта;

Чүй облусунун Панфилов ЖДПБсынан — 1 (эркек, 53 жашта).

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп көз жумган бейтаптардын саны 167ге жетти. Кыргызстанда 16-июлга карата коронавирус жалпысынан 12 498 кишиге жукту. Анын 3 735и айыгып ооруканадан чыгарылды.

Март айынан бери пневмония 612 адамдын өмүрүн алды, ал эми андан 3797 киши айыкты.