Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиялык абал, күздө боло турчу парламенттик шайлоо, ыктыярчылар менен медиктердин жасаган иштери тууралуу «Биринчи радиого» маек курду. «Клооп» өлкө башчысынын маегиндеги маанилүү учурларды сунуштайт.

Кыскача:

  • эки айлык карантин максатына жеткен жок
  • мамлекеттик резерв болгон эмес
  • саламаттык сактоо системасында реформа болот, бирок качан, кантип ишке ашат белгисиз
  • сырттан келген акчаларга өкмөт керт башы менен жооп берет
  • коронавирус пандемиясына карабай парламенттик шайлоо өтөт
  • бизде алам дегендерге караганда берем дегендер көп экен
  • сындагандан көрө жардам берели
  • өкмөттү кетирүүдөн пайда жок

«Карантин алынган соң, тартип сакталган жок»

Мартта карантин киргизгенге мажбур болгонбуз. Анын максаты — вирустун андан ары жайылышына бөгөт коюу эле. Эң негизгиси — калкты санитардык нормаларды сактоого көндүрүү болчу. Эки ай ошондой кармадык. Экономикага катуу сокку болорун билгем. Бирок, кабыл алууга туура келген. Дагы кайталап кетем, биринчи максат — элибизди илдет жайылбаш үчүн санитардык нормаларды сактоого көндүрүү болчу. Ар кандай жолдор менен, күч менен дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Албетте, карантинди узак кармай албайбыз, карантин менен узакка жашоо мүмкүн эмес. Карантинди алгандан кийин биз эл жалпы эле мамлекет үйрөнгөн нерселерибизди кармап сактап калабыз дедик, бирок тилекке каршы андай болбой калды. Карантин алынган соң, тартип сакталган жок.

«Бизде резерв болгон эмес»

Бул күрөштө биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү башка мамлекеттерге караганда чектелген. Муну буга чейин айткан эмесмин, айтып коюшум керек, бизде резерв болгон эмес, түзүлгөн да эмес. Бюджеттик кодекс кабыл алынгандан кийин, бир статья бар, өзгөчө кырдаал мезгилине деп 1.5 миллиард сомго чейин топтолот. Мына ошону жумшап келгенбиз. Сел жүрсө, жолдорду алып кетсе, же көчкү жүрсө ошолорго деп калтырганбыз. Бизнести оор мезгилде колдой турган каражат түзүлгөн эмес. Мен айтып эле жүрөм, бизде демократия күчтүү. Ал абдан керек. Бирок, экономика жагын дагы ойлоп жүрүшүбүз керек эле. Ушундан биз кыйналып калдык.

«Өкмөт башы менен жооп берет»

Азыр эл оозунда эң көп айтылган нерсе — сырттан келген акчаны чоңдор «жеп койду» деген сөз. Мен бул боюнча премьер, вице-премьерлер менен сүйлөшкөндө айтым жатам. Буга чейин да айткам, азыр да айтам андайга жол берилбейт. Жеке өзүмдүн, премьердин көзөмөлүндө. Бул боюнча талапты катуу коюп жатам. Өкмөт келген каражаттын максаттуу колдонулушуна башы менен жооп берет! Эл алдында, мыйзам алдында, Кудай алдында да. Менин да көзөмөлүм катуу.

«Үмүттү үзбөйлү...»

Биз мындан да оор кыйынчылыктарды жеңип келген элбиз. Үмүттү үзбөйлү, урматтуу агайын-туугандарым, мекендештерим! Тарыхыбызда мындан да оор сыноолорду өткөзгөнбүз. Бул кыйынчылыктардан Кудайымдын жардамы менен чыгабыз. Ооруну жеңүүнүн бир эле жолу бар: улуттук биримдик, эбегейсиз жоопкерчилик, абдан терең ишеним. Негизгиси — жерибиздеги тынчтык жана элибиздин амандыгы. Кечээ жакында Аалы акыныбыз, баталуу элбиз деп ырдаптыр. Абдан кунт коюп уктум. Угуп койсо деп каалоо айтат элем. Ырында көп нерсени таамай айткан, күйүп-бышып айткан.

«Буйруса, буйруса...»

Президент катары менин ар бир күнүм ушул пандемия менен башталып, пандемия менен бүтүп жатат. Эң маанилүү жана керектүү жагдайлар боюнча менде толук маалыматтар бар. Өзүм дагы күнүгө талапты коюп, сүйлөшүп, тиешелүү чараларды көрүү, элге медициналык кызмат көрсөтүү, дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча талаптарды коюп жатам. Азыркы жагдай мамлекеттик системадагы бир топ илдетибизди ашкереледи. Жыйынтыктарды чыгарабыз, баштайбыз. Бир топ мамлекеттик маселелер, багыттар боюнча терең ойлонуудамын. Мамлекеттин, элдин жашоосуна таасир этчү бир топ кадамдарга барабыз, буйруса. Анын негизгиси — саламаттыкты сактоо тармагын кескин жаңыртуу, жакшыртуу. Болбосо бүгүн баарыбыз туш болдук, улут саламаттыгына коркунуч жаралды. Буйруса, саламаттыкты сактоо тармагын толук реформа жасайбыз.

Дары-дармектин запасы тууралуу

Көп дарыны сырттан алып келүү, импорттун ордун толтуруу боюнча дагы сүйлөшүп жатабыз, бул боюнча дагы иш болот. Азыр мына өкмөт менен сүйлөштүк, өкмөт иштеп жатат. 65 эң керектүү деген дары-дармекти запас кылалы деп бул боюнча дагы иштеп жатабыз. Буюрса өкмөт бул ишти жасай баштайт.

Калкыбыздын башына ушундай оор мезгил келип турганда ошол нерседен пайда табам деген адамдардын баары тең элдин душманы деп. Бир эле дары ташыгандар эмес, жалпы эле айткым келет, ишкерлерге, ар бир адамга. Азыр бул менин жеке көзөмөлүмдө, Өкмөт башчынын көзөмөлүндө. Тиешелүү мамлекеттик органдар буга көзөмөл кылып жатышат. Көрүп жатасыңар, бул багытта катуу иш алып барып жатабыз.

Укуктук мамлекет жана шайлоо

Мамлекеттик бийликтин социалдык-экономикалык багыттагы максаттардан тышкары саясий да милдеттерибиз бар. Мен баарын билип, түшүнүп турам. «Кайдагы шайлоо, кайдагы саясат» деген суроо азыр жөндүү болуп, айрым мекендештерге жагып жатат, анткени кырдаал ошондой болууда да. Бирок, урматтуу мекендештерим, президент катары айтам, баардыгы өз убагында аткарылышы керек. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, эртеңкини унутууга акыбыз жок. Ошонубуз менен элбиз, ошонубуз менен укуктук мамлекетпиз. Эгерде биз сыноо болсо, кыйынчылыктар болсо, мыйзамды бузалы, Конституцияны бузалы деп, башка жолго бургандарды ээрчип кетсек, анда укуктук мамлекетти кура албайбыз. Ошондуктан, күздөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген конституциялык мөөнөтүндө өтөт.

«Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок»

Азыр шайлоого аз калды, 3 айга жакын калды. Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок. Азыр биз эми мүмкүн болушунча колдо болгон адамдык ресурстун баарын мобилизациялап, күчтү бириктирип, иштешибиз керек. Колуна кол, бутуна бут болуп, өкмөткө жардам беришибиз керек. Азыр сындай турган мезгил эмес. Азыр жардам бере турган мезгил. Бардык мүмкүнчүлүк, аракеттерди бириктирип, ынтымакта, биримдикте, тартипте илдетке каршы турушубуз керек.

Ковид жана бийликке болгон күрөш жөнүндө

Азыр мына көрүп турасыңар, Кыргызстанда эки маселе жанаша жүрүп жатат.

Биринчиси — ковид. Ал абдан чоң маселе. Элибиздин, улуттун саламаттыгы.

Экинчиси, бийликке болгон күрөш. Ал да өз күчүндө. Азыркы кээ бир саясий күчтөр ковиддин кесепетинен жаралган кырдаалды пайдаланып, саясий кырдаалды чайпалткысы келген, өз дивидендин алгысы келген саясатчылар жок эмес, алар бар.

Менин президенттик милдетим — ковидге каршы күрөш, элдин саламаттыгын сактоо.

Ушуга тете дагы чоң милдетим бар — бул саясий чайкоочулукка жол бербөө, коомдогу туруктуулукту сактап калуу... Мен түшүнүп турам, окуп, угуп жатам. Бардыгын билем. Азыр эл абдан ачуулуу. Көптөр өз жакындарын жоготту. Бул абдан оор нерсе. Муну айрым саясатчылар элдин пайдасына эмес, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер дагы жок эмес, биз ошого жол бербешибиз керек. Мыйзамдуу жол менен бийликке келгиле, шайлоого катышкыла, эгерде шайлоодон утсаңар, келип алып өкмөттү курагыла деп айтып жатам.

Азыркы кырдаал жана каза болгондор тууралуу

Кырдаал курч. Аны жашырган жокпуз жана жашыра албайбыз. Ондогон мекендештерибиз каза болду. Алардын арасында мен жакшы тааныган белгилүү инсандар да өтүп кетти. Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков, белгилүү дин аалымы Чубак Жалилов, окумуштуу Жангороз Каниметов жана башка ондогон атуулдарыбыз бар. Чубак ажы Жалилов менен дагы тез-тез сүлөшүп, пикир алышып ар кандай кырдаал боюнча сүйлөшүп турчубуз. Маркумдардын жакындарына көңүл айтам, сабыр тилейм. Бул оорудан көз жумган биздин ар бир мекендешибизге бейишин тилейм. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун.

Жээнбеков ыктыярчыларга: Кылган ишиңер Кудайдан кайтат

Мени президент катары, жаран катары да чиновниктердин армиясындагы адам фактору, тагыраак айтканда, жоопкерчиликсиздик, кайдыгерлик абдан өкүндүрөт... Мени элибиздин кең пейилдиги кубантат. Ынтымак, биримдиги кубантат. Оор мезгилде биз — кыргыз эли өзүбүздү көргөздүк. Баары суктанып жатышат. Мамлекет кыйналып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин ыктыярчыларыбыз, жалпы элибиз көтөрүлдү, «Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот» дегендей, мына мени ушул кубандырат. Анан дарыгерлерибиздин баатырдыгы кубантат. Учурдан пайдаланып, биздин медиктерге башымды ийип, чын ниетимен дагы бир ирет таазим кылам!

Биздин элде алам дегенден, берем дегендер көп экендиги кубантат. Карантин киргенде, бардык ишканалар жабылып калганда биздин ишкерлерибиз, биздин жарандарыбыз, ыктыярчылар өздөрү чыгып, тамак-аш жетишпей жаткандарга үйүнө чейин барып, жардам берип жатты. Мына азыр дагы ооругандарга дары-дармек, медициналык жардам берип жатат. Ыктыярчылар кандай чоң күч экенин көрүп жатабыз. Ишкерлерибиздин социалдык жоопкерчилиги, коомго болгон ак ниет мамилеси даана көрүндү! Мен ыктыярчыларыбызга терең рахмат айтам. Ар дайым элиңер менен болгула! Кылган ишиңер Кудайдан кайтат, кайтпай койбойт, аны Кудай көрүп турат.