Оштун тургуну күйөөсүнүн сөөгүн моргдон алыш үчүн 10 миң беришкенин айтты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Sputnik

Ош шаарынын тургуну, көз карандысыз журналист Хулькар Исамова коронавирус жуктуруп каза болгон күйөөсү, милициянын капитаны Улугбек Умаровдун сөөгүн уулу моргдон сатып алганын билдирди. Оштогу өлүккананын жетекчиси Нуркамал Даминов акча опузалоо тууралуу кабары жоктугун айтып, кызматтык иликтөө жүргүзүлөт деп ишендирди.

Исамованын айтымында, маркумдун денесине бычак тийгизбек үчүн моргдун кызматкерлери 20 миң сом талап кылышкан. Бирок уулу алар менен макулдашууга барып 10 миң сом төлөгөн.

«Бүгүн уулам атамдын сөөгүн моргдон сатып алышканын айтып берди […] Мындан тышкары алар санитарларга 3 миң сом беришти, бирок башында үч киши үчүн 6 миң сурашкан экен. О.. кудай», — деп жазды Исамова фейсбук баракчасында.

Журналисттин постуна интернет колдонуучулар нааразычылын билдирип комментарий калтырышты. Ал эми фейсбук колдонуучусу Назгүл Насиева анын тааныштары да акча беришкенин ырастады. Бирок окуя Бишкек шаарында болгонун айтты.

«Маркумду сойдурбаш үчүн 8 миң сом төлөштү. Кепинге ороп бериш үчүн санитарларга 5 миң сом беришти», — деп түшүндүрдү ал.

Ал эми Оштогу моргдун башчысы Нуркамал Даминов Kaktus.media басылмасына акча опузалоо боюнча кабары жоктугун, бирок бул окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөөрүн айтты.

«Биз азыр журналды көтөрөбүз, ал жакта ошол күнү иштеген пневмониядан кайтыш болгондордун сөөгүн өткөрүп берген кызматкерлер жазылган. Учурда өлүкканада бир гана менин кызматкерлерим эмес соттук-медициналык экспертизанын өкүлдөрү да иштеп жатышат. Биз сөзсүз биргелешкен иликтөө жүргүзөбүз», — деген ал.

Ал мындай учурларда ага кайрылуу керектигин белгилеген.

Буга чейин Ош шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын инспектору, милициянын капитаны Улугбек Умаров кайтыш болгон. Ал жубайы экөө коронавирус жуктуруп алып ооруканага жаткырылган эле. Тилекке каршы Умаров аталган илдеттен айыгып кете алган эмес.

Ошто 20-июлга карата коронавирустун жалпы 2 618 учуру катталды. Ал эми өлкө боюнча илдетти жуктургандардын саны 27 143тү түзүп, анын 1037си илдеттен каза болду.