Кара-Суу районунда 13 жаштагы балага чагылган тийип каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагына чагылган түшүп, 13 жашар баланын өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Окуя 21-июль күнү кечинде болду. Маркум аталган аймактагы Миялы айылында мал кайтарып жүргөн кезинде ага чагылган тийген.

Кара-Суу метеостанциясынын билдирүүсү боюнча, күндүн күркүрөшү саат 18:45те башталып 21:40ка чейин уланган.