Пакистандык студенттерди сабоого шектүү үч адам бир айга камакка алынды

23-июлда Чүй ОИИБи Пакистандын жарандарын сабоого шектүүлөр 1 айга камалганын билдирди.

«Алар дагы азыр ПЧР анализ тапшырып жатышат, андан кийин ТИЗОго жөнөтүлөт», — деп билдиришти ведомстводон.

Студенттерди сабоо

20-июлда инстаграмда белгисиз адамдар Пакистандын жарандарын сабап жаткан тасма тарап, ал колдонуучулардын нааразычылыган жараткан — алар кол салгандарды кармоону талап кылышкан. Окуя 19-июлда болгон, ошондо эле Аламүдүн РИИБине Пакистандын бир жараны, кийинчерээк ошондой эле арыз менен бир нече киши кайрылышкан.

ИИМден ведомствонун жетекчилиги иликтөөнү «жеке көзөмөлүнө» алганын билдиришкен. Бул факт «Ээнбаштык» беренеси боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки экспертизалар башталган. Милиция окуя болгон жерде жаңжалдын катышуучуларын — Бишкектин эки тургуну жана Ысык-Ата районунун бир тургунун кармаган.