Жумабай Бекмуратов

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиологу Жумабай Бекмуратов 13-июлда каза болду. Ал 27 жашта гана болчу.

Бекмуратовдун дүйнөдөн кайтканы тууралуу алгач анын досу Нурсейит Мамыров фейсбукта кабарлады. Ал бир жума мурун маркум ага «кычкылтек концентраторун алып коюш керек болуп жатат» деп кайрылганын белгилеп, ошол учурда эмне үчүн анын саламаттыгы тууралуу сурабаганына өкүнүп жатканын жазган.

«Бейтаптарга керек окшойт деп концентратор саткан адамдын номерин бериптирмин. Ошондо ден соолугуңду эмне сурабадым мен?! Балким жардам керек болуп жаздың беле же?! Балким кандайсың деп сурасам башка нерселер айтып берет белең?!» — деп суроо салган ал.

Маалыматты тактоо үчүн «Клооптун» журналисти алгач Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына байланышкан. Бирок алар дарыгердин өлүмү боюнча дароо жооп бере алышкан эмес. Тактоо үчүн убакыт керектигин айтышкан.

Ал эми Миррахимов борборунун сайтында көрсөтүлгөн номерге чалганыбызда аял киши Бекмуратов боюнча суроолорубузга жоопту тактап берүүнү убадалап, кийинчерээк комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ал арада дарыгердин мектептеги мугалими Султан Момунов «Клоопко» окуучусу коронавирус жугузуп алып айыкканы тууралуу укканын айтты. Ошондой эле, көп өтпөй Бекмуратов көз жумганы туурасында кабар алганын ырастады.

Эки күндөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги кардиологдун өлүмү боюнча билдирүү таратып, Бекмуратов суицидге барганы жазылган. Мындан сырткары социалдык тармактарда маркум коронавирус шарттаган пневмониядан каза болду деп тараган маалымат чындыкка коошпой турганын белгилешкен.

«Буга чейин аталган кызматкер тез арада чара көрүүчү бөлүмдүн кызматкери катары коронавируска бир нече жолу ПЦР-анализ тапшырган, бирок жыйынтыгы терс чыккан. Ал өз алдынча өпкөсүнө компьютердик томография жасатып жана көкүрөк тушун рентгенге тарттырган, анда потология аныкталган эмес», — деп жазылат пресс-релизде.

«Клооптун» журналисти жаш дарыгердин суицидге барганга чейин кандай абалда болгонун изилдеп көрдү. 

«Дем алуум кыйындап жатат»

Жумабайдын пандемия башталгандан берки абалын тактоо үчүн анын Миррахимовдогу кесиптештеринин бирине кайрылдык. Бирок ал алгач айрым суроолорубузга бир нече сааттан кийин жооп берүүгө макулдугун берип, кийин интервьюдан баш тартып койду.

Бирок бизге Бекмуратовдун абалы боюнча Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияда чогуу окуган группалашы айтып берди. Бирок аты-жөнүн ачыктоону каалаган жок. Мунун себебин ал Саламаттык сактоо министрлигинен көз каранды экендиги менен түшүндүрдү.

Ал маркум менен башка жумушта чогуу иштеген. Өлкөдө коронавирус жайылгандан тартып Бекмуратов кардиология борборунда гана иштеп жаткан. Бирок акыркы күндөрү инфекционист кесиптешине тез-тезден чалып, ооруп калганын айтып кеңеш сурап турган.


«“Менде да жөтөл, температура, алсыздык болуп жатат. Эки башка группадагы комбинированный антибиотик ичип жатам” деп айтты. Буюрса жакшы болом деп жүрдү. Андан бир-эки күн өткөндөн кийин кайра чалып, “Менин дем алуум кыйындап жатат”, “Ооруп жатам, дене табым түшпөй жатат” деди. Үйдө жатпай ооруканага бар десем, “Дене табым эч нерсеге түшпөй жатат, ошону менен алышып үйдө жатам” деп айтты», — деп тайпалашы алар эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтып берди.


«ПЦРге ишенбей жатам, менде коронавирус бар окшойт»

Бекмуратов группалашына коронавируска карата тапшырган ПЦР-анализи терс жыйынтык көрсөткөнүн да айткан. Ошондой эле, ал анализдин жыйынтыгынын тактыгына күмөн санап жатканын, ал эми рентген анын өпкөсүндөгү плеврада спайка пайда болуп калганын көрсөттү деген.

Жумабай өткөн изилдөөнүн жыйынтыгында анын өпкөсүндө плевра спайкалары пайда болгону жазылган.

*Плевра спайкасы — өпкөнүн сырткы катмары менен көкүрөк туштун ички катмарын туташтырып өскөн чел кабык. Спайкалар көбүнчө плеврит, пневмония, бронхит жана башка жаракаттардан улам пайда болот. Спайканын пайда болушун дем алуунун кыйындашы, көкүрөк туштун ооруганы, жогорку температура, катуу жөтөл айтып турат.

«"ПЦРге ишенбей жатам, менде коронавирус бар окшойт, анткени эч качан мындай ооруган эмесмин. Иммунофлуоресценттик анализ тапшырсам, ошол так көрсөтсө керек. Анан дем алуумдун мынчалык кыйындаганына караганда менин өпкөмө кыйла эле зыян келген” деп айтты эле», — деди ал досунун кыйналганын эскерип.

Ал ошондой эле, кардиологдун ооруп, кандай дарыларды ичип жатканын ырасташ үчүн WhatsApp’тан жазышкандарынын скриншотун көрсөттү.

Маркум тайпалашына үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда жазган.

«Ушунчалык тартынчаак бала эле. Катуу кыйналып жатканын да айтпаптыр. Түркиядагы досуна концентратор алып коюш керек деп айткан экен, тартынбай эле ачыгын айтса мен деле таап бермекмин го?! Анан өкмөт компенсация төлөөдөн качуу үчүн аны ооруган эмес деп жатат. Миллион сомун өздөрү ала берсин, Жумабай бардар үй-бүлөнүн баласы эле. Бирок баарына өз күчүм менен жетишем деп өз алдынча болчу. Анын үй-бүлөсү өкмөттүн компенсациясына муктаж эмес!» — деди тайпалашы.

«Больничныйга араң чыктым» — «Оорумуш болбой жумушка чык»

Өзүн Бексултан Анаралиев деп тааныштырган маркумдун дагы бир группалашы жана досу Бекмуратов ага акыркы убактарда түндө жазып калганын айтып берди.

«Жумабай “Кичине ооруп калдым, үйдө эле дарыланып жатам. Араң больничныйга чыктым” деп жаткан. Анан ага кимдир бирөөдөн “Кыргызстан эли кырылып жатса, сен үйдө жатасың” деген сыяктуу билдирүү келгенин айтышты. Ошондой эле, анда акыркы убактарда коронавирустун симптомдору байкалып, “тердеп, алсыз болуп жатам” деп жүргөн экен», — деди Анаралиев.

Бекмуратовдун Түркиядагы досу Нурсеит Мамыров да, маркум акыркы күндөрдө жумуштагылары менен урушуп калганы боюнча маалыматты укканын айтты.


«Кестиптештеринен сураштырсам акыркы күнү бир дарыгер менен телефондо катуу урушуптур. “Үйдө оорумуш болуп жата бербей жумушка чык” жана башка ушул сыяктуу жаман сөздөрдү айтыптыр дейт. Телефонунда бар дешет, жазылып калган үн жазуулар», — деп билдирди ал.


Ошондой эле, маркум июнь айында Анаралиевге акча сурап кайрылган экен — аны белгисиз бирөөдөн карыз алып, ал аны доолап жаткандыгы менен түшүндүргөн. Жумабайдын башка бир досу да ал акча издеп жүргөнүн тастыктады.

Бекмуратов Бишкекте үй-бүлөсү менен ижарага алынган батирде жашаган. Ден соолугуна байланыштуу ишке чыга алган эмес. Мындан улам анда финансылык көйгөй жаралган болушу мүмкүн. Бекмуратов студент кезинен эле иштеп акча тапкандыктан, ата-энесинен жардам сурачу эмес экен.

«Анализдери таза чыккан. Жумушта эч ким менен урушкан эмес»

Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жетекчиси Акпай Сарыбаев «Клоопко» Бекмуратов дене табы көтөрүлүп баштаганда ден соолугуна байланыштуу өргүүгө чыкканын ырастады. Бирок коронавируска карата тапшырган анализи жана өпкөсүнүн томографиясы таза чыккандыгын билдирди.


«Жеке менчик мекемеге барып компьютердик томографиядан өткөн. Ал да таза чыккан. Алардын да чыгарып берген жыйынтыгына ишенбей, биздин компьютердик томографиянын башчысына көрсөткөнү келген экен. Ал да “эч нерсе жок, таза экен” деп айткан. Анан окуя болоордун астында бөлүм башчыга чалып, жакшы сүйлөшүп, “бир күндөн кийин жумушка чыгам” деп айткан. Анан эртеси эле ушундай жаман окуяны угуп калдык», — деди ал.


Ошондой эле, жетекчи Бекмуратов менен жумушта эч ким урушкан эмес деп ишендирди.

«Азыр баарына таң калыштуу болуп жатат. Үй-бүлөлүк көйгөйлөрү тууралуу билишчү эмес, соцтармактарда [коронавирустан каза болду] анан ушинтип тарап кетти. Бизден ССМ сураганда, болгонун болгондой жазып жиберип койдук», — деп түшүндүрдү ал.

Сарыбаев маркум коронавирус менен ооруган бөлүмдө иштеген эмес деп белгиледи. Ошондой эле, Бекмуратов жана башка медиктер жумушта медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыз болушканын кошумчалады.

«Температурасы асма укол алгандан кийин да түшкөн жок»

Жумабайдын ооруп жүргөнүн жубайы Айнагүл да «Клоопко» тастыктап берди. Анын айтымында, алгач жолдошу вируска каршы дары-дармек ичип, бирок алар таасир этпеген соң асма укол алып жаткан.


«Ооба, температура чыгып, ооруп жүргөнү чын. Анализдери терс чыккан, бирок эч кандай жылыш болгон жок, асма уколдорду алса дагы температурасы түшкөн эмес. Ошого мен да түшүнбөй калдым», — деди ал.


Бекмуратовдун жубайы кесиби боюнча фармацевт. Ошондуктан ийнени өзү сайып жаткан. Күйөөсү каза болгонго чейин цефтриаксон антибиотигин беш күн алган. Ал эми клександы сатып алып, бирок аны колдоно элек болчу экен.

Жумабай окуучу кезинде классташтары жана мугалими Султан Момунов менен. Сүрөт: Султан Момуновдун өздүк архивинен алынды

«Эми бизди ким дарылайт?»

Жаш кардиолог Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Бак айылында туулуп-өскөн. Облустук гимназия-жатак мектебин 2010-жылы аяктаган. Мектепте химия-биология багытындагы класста билим алып, врач болууга даярданган.

Он жыл мурун Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын босогосун аттап дарылоо адистигин тандаган. 2014-жылы Түркиядагы ооруканалардын биринде тажрыйба алмашып кайткан. Ординатураны Миррахимов борборунда өтөп, кийинчерээк реаниматология-анестизиология кафедрасында да билимин өркүндөткөн.

Бекмуратовду мектепте окуткан география мугалими Султан Момунов аны кичи пейил, жаркылдап турган бала эле деп эскерди.


«Мектепте аябай жакшы окуган. Жаш кезинен дарыгер болом дечү — бөлмөсүнө “кардиолог Жумабай Бекмуратов” деп жазып, илип алчу. Адамгерчилиги менен айырмаланып, мен Бишкекке барып калсам тосуп алып, убактысын бөлүп, ал-абалымды сурап турчу», — деди ал.


Мектепте чогуу окуган классташы Адылбек Жолдошбаев маркум жардамын эч кимден аябаган, кыйынчылыктарда кол сунган инсан болгонун айтты.

«Классташтардын арасында да кадыр баркы аябай жогору болчу. Өзүн алып жүрүүсү да жакшы эле, аны биз “красавчик, Жумик” деп эркелетип койчубуз. Класстын красавчиги болчу. Аны уккандан кийин классташтар баарыбыз кайгырып, ыйладык. Жеке биздин класс үчүн аябай чоң орду толгус жоготуу болду да», — деп кайгырды ал.

Ал эми анын группалаштарынын биринин айтымында, Жумабай сабакты калтырчу эмес жана дайыма даяр болчу. Апасынын жүрөгү ооругандыктан аны айыктырам, апасына окшогон бейтаптарды сакайтам деп кардиолог болгон экен.

«Мен мисалы апамды же туугандарымды ага жиберчүмүн, абдан жакшы карачу. Ал “жок” деген сөздү билчү эмес. Бейтаптарына абдан жакшы мамиле кылчу. Күйүп-бышып, болгон күчү менен чын дилден дарылачу. Элди дарылаш керек деп үч жерде иштечү, акча үчүн эмес, кесибин сүйгөндүгү үчүн», — деп эскерет группалашы.

Ошондой эле, кардиолог кичипейил, ак көңүл, эч качан калп айтпайган жан болгонун кошумчалады. «Өлтүрүп сал бирок калп айтпайм дечү. Эч качан капа болчу эмес, жылмайып, “мунун баары өтөт” деп эч качан кейичү эмес. Аябай сабырдуу эле. Бейтаптары анын каза болгонун уккандан кийин “ушундай сонун бала кете бердиби, эми эмне болот, бизди ким дарылайт” деп аябай ыйлашты», — деди ал.

Миррахимовдун жетекчиси аны кесибин мыкты билген дарыгер катары сыпаттады.


«Бекмуратов бизде кардиология жана реанимация бөлүмүндө иштегенине 5 жыл болуп калган. 3 жыл ординатура окуган. Сабаттуу ординатор, жакшы дарыгер болчу. Оор басырыктуу, кесипкөй, жакшы өсө турган бала болчу», — деди Сарыбаев.


Жумабайдын артында жубайы, уулу, ата-энеси жана бир туугандары калды. Жаш дарыгер үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында 28-жашка чыкмак.

Жумабай Бекмуратов

Керээз. «Көңүл буруп койгула баары ооруп жатат»

Жумабай өлөөрдүн астында жубайына кат жазып таштап кеткен. Маркумдун туугандары медиктерди коргонуучу каражаттар менен камсыздоо тууралуу сөз болгон бөлүгүн «Клоопко» жарыялоого уруксат беришти.


«Урматтуулар, биздин бөлүмдөн бир дарыгер: “Эмне баарыбыз сөзсүз пневмония болуп оорушубуз керекпи? Бизге эмнеге татыктуу коргонуучу каражат (СИЗ) бербейт” деп чогуу баарыбыз талап кылууну айтты эле. Көңүл буруп койгула, баары [медиктер] ооруп жатат!» — деп айтылат жаш дарыгердин акыркы катында.


Ал ошондой эле, кыргыз элине кайрылып, «кыйын күндө силердин саламаттыгыңарга салым кошо албаганым үчүн кечиргиле» деп жазган.

Бекмуратовдун өлүмү боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бирок тергөө бөлүмүнүн башчысы «Клоопко» аны өлүмгө жеткирген фактылар азырынча жок экенин айтты.

«Суицид болгондо биз чакырууга чыгабыз. Бизге маалымат түшкөн, ошонун негизинде чыкканбыз. Тергөө амалдары жүрүп, суралган. Бирок туугандары дообуз жок деп, сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Анын ооругандыгы боюнча сөөктү берсе гана иликтемекпиз», — деди ал.

Коронавирус шарттаган пневмония жана күмөн жараткан тесттер

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанга жеткенден тарта ооруканадан тышкаркы пневмониядан каза болгондордун саны да кескин өстү. Өкмөт ооруканадан сырткаркы пневмонияны COVID-19 пайда кыла турганын акыры моюндап, 17-июлдан баштап COVID-19 жана пневмониянын статистикасын бириктирген. COVID-19 тастыкталбаган, бирок пневмонияга чалдыккан бейтаптардын оорусу клиникалык-эпидемиологиялык коронавирус деп катталып баштады.

Коңшу Казакстанда да ооруканадан тышкаркы пневмония кескин жайылууда. Казакстандагы окуяга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал боюнча программасынын аткаруучу директору Майкл Райан түшүндүрмө берди.

Ал пневмониядан кайтыш болгон адамдардан коронавирус тастыкталбай жатканын туура эмес тестирлөө болушу мүмкүн деп божомолдогон.

«ДСУ казак бийлиги менен биргеликте пневмонияга чалдыккан бейтаптардын рентген-сүрөтүн изилдеп жатат. Уюм жалган маалымат берүүчү тесттер жок болушуна ынаныш үчүн жасалган тесттер менен тестирлөөнүн сапатын текшерет», — деген Райан.

Буга чейин «Исмаил Матраимов» фонду Саламаттык сактоо министригине коронавирус аныктоочу 15 миң экспресс-тест тапшырган. Көп өтпөй бул тесттердин сапаты соцтармактын колдонуучуларында шек жараткан. Саламаттык сактоо министрлиги аталган фондго ыраазычылык билдирип, тесттер «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан такстыкталганын» билдирген.

Бирок ДСУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова уюм аталган ыкчам-тесттердин жыйынтыктары төмөн болуп жаткандыктан сунуштабаганын ачыктаган.

Кыргызстанда коронавируска карата жасалып жаткан тесттердин сапатынан күмөн саноо президент Сооронбай Жээнбековду Орусияга Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка коштоп баргандардан илдет чыгып калганы ого бетер күчөткөн.

Себеби Москвага барганда делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталган. Мындан улам Жээнбеков Москвадагы парадга катышпай кайра кайтып келген. Анткен менен Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Кыргызстанда сапатсыз ПЧР-тесттер жүргүзүлбөйт деп ишендирген.

Өлкөдө COVID-19га чалдыккан медицина кызматкерлеринин саны 2 580ге жетти. Анын ичинен 1 234 медик илдеттен айыкты. СММ 22-июлга карата алынган маалымат боюнча коронавирустан 29 медкызматкер кайтыш болгонун кабарлады. Бирок «Клооп» жүргүзгөн эсеп боюнча каза болгон ак халатчандардын саны 40дан ашты.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет. Бирок азырынча оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы