Өткөн суткада коронавирус жуктурган 1 185 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 26-июлда коронавирустан 1 185 бейтап айыкканын кабарлады.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 612. Ошондой эле, илдеттен Чүй облусунда — 149, Ош облусунда — 107, Жалал-Абад облусунда — 105, Ош шаарында — 57, Нарын облусунда — 52, Баткен облусунда — 49, Талас облусунда — 42 жана Ысык-Көл облусунда — 12 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 20 388 бейтап айыкты — алардын ичинде 1 384 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 32 813кө жетти.