Шайлоо 2020: Үгүт иштери онлайн өтөт, талапкерлер үчүн акысыз эфир убактысы көбөйтүлөт

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Нуржан Шайлдабекова «Биринчи радионун» эфиринде парламенттик шайлоо үчүн үгүттөө учурунда жаңы эреже жана чектөөлөр киргизилээрин билдирди. Мындай чечим республика боюнча COVID-19дун жайылышына жол бербөө үчүн коронавирустун пандемиясына байланыштуу кабыл алынган.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери онлайн өтөт

Шайлдабекованын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт иштерин онлайн режимде өткөрүү негизги талап болот. БШК бул үчүн партияларга жана шайлоочуларга атайын маалыматтык ресурс иштеп чыккан — ал жакта саясий бирикмелердин программалары жана алардын талапкерлеринин тизмеси жайгаштырылат.

«Биз шайлоого катыша турган партиялардын талапкерлери жөнүндө жарандарга карым-катнашсыз маалымат берүү мүмкүнчүлүктөрүнүн санын көбөйттүк. Биз тараптан партиялар менен шайлоочулар үчүн “Талапкер” жаңы маалыматтык ресурсу иштелип чыкты. Ресурска партиялардын программалары, жалпы маалымат жана партиялардан аттанып аткан талапкерлердин тизмеси жайгаштырылат», — деди ал.

Анын айтымында, үгүт убактысы 4-сентябрдан 3-октябрга чейин бир айга созулат.

«Бул шайлоо алдындагы кампаниянын эң активдүү мезгили. Үгүт иштери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси катталып бүткөндөн кийин, шайлоого 30 күн калганда башталат. Ал шайлоо алдындагы бир күнгө чейин — тынч күнгө чейин уланат», — деди БШКнын башчысы.

Массалык иш-чараларга тыюу салуу

Шайлдабекова БШК үгүт жүргүзүү маалында массалык иш-чарларды өткөрүүгө да тыюу салганын кабарлады. Алардын ордуна депутаттыкка талапкерлер үчүн дебат жана тегерек столдорду өткөрүүгө телевидение жана радиодо акысыз эфирдин убактысы көбөйтүлүп берилет.

«Ар жумада талапкерлер менен тегерек столдор жана дебаттардын чоң көлөмү болуп турушу үчүн каналдар менен иштешебиз. А түгүл биз аймактык каналдарда дагы партия өкүлдөрү ар бир региондун көйгөйүн чечүү тууралуу талкуу жүргүзүүсүн каалайбыз. Бул шайлоочулардын баамдап тандоосу үчүн көп малымат берет», — деди Шайлдабекова.

Мындан тышкары, партиялар басма ЖМКлардын биринде программаларын жарыялашы керек болот.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган. БШК шайлоо учурунда коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн бардык санитардык талаптар сакталаарын бир нече жолу билдирген.

Бийликтин күзүндө парламенттик шайлоо өткөрүү чечими коомдун нааразылыгын жараткан. Көптөгөндөр шайлоого бөлүнгөн акчаларды коронавирус менен күрөшүү үчүн врачтарга дары-дармек, жеке коргонуу каражаттарын жана меджабдыктарды алып берүүгө жумшоо керек деп эсептешет.

Активисттер, айрым партиялар жана депутаттар шайлоону башка убакытка жылдууну да сунуштап чыгышкан. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» курган мегинде шайлоо жылдырылбасын айткан.

Шайлоого даярдануу жана аны өткөрүүгө байланыштуу чыгымдардын бардыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.

Алгач шайлоону өткөрүүгө 732 млн сом бөлүп берүү пландалган эле. Бирок БШК кийинчерээк «шайлоону өткөрүү үчүн чыгымдар оптимизацияланып», чыгымдарды 446 млн 900 миң сомго чейин азайтылганын билдирген.

БШК санитардык-эпидемиологиялык талаптарды камсыздоо үчүн 60 млн сом бөлүнөөрүн билдирген.