Өзгөндө таксисттин өлүмүнө айыпталган эки өспүрүм эки айга камалды

Иллюстративдик сүрөт

Материал 18.03тө жаңыртылды

Милиция Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясынын жээгинен 29 жаштагы кишинин өрттөлгөн сөөгүн 27-июлда тапкан. Ал эми үч күн мурун укук коргоо органдарына Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө өрттөлгөн «ВАЗ» үлгүсүндөгү жеңил унаа тууралуу кабар түшкөн. Кийинчерээк аталган унаа маркумга таандык экени аныкталган.

Айдоочунун сөөгү табылган күнү Өзгөн РИИиБнин кызматкерлери «Киши өлтүрүүгө» шектеп Өзгөн шаарынын 16 жана 17 жаштагы тургундарын кармаган. Милициядан шектүүлөр күнөөнү толугу менен мойнуна алды деп кабарлашты.

Шектүүлөрдүн өз көрсөтмөсүндө, 20-июлга караган түнү таксистти 200 сомго жалдап, Шералы айылына жеткирип коюну суранышканын айтышкан. Бирок бара турган жерге жеткенде өспүрүмдөр маркумдун колуна 100 сом гана беришкен. Мындан улам алардын ортосунда чыр чыгып, унаанын артында отурган өспүрүм өзү асынып жүргөн сумкасынын илгич жиби менен айдоочу баланын мойнуна илип, муунткан. Ал эми экинчи шектүү айдоочунун бетине урган.

«Айдоочунун жансыз денесин автоунаанын багажнигине салып барышып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарья сайында маркумду өрттөп сууга агызып салышкан», — деп жазылат Ош ОИИБинин пресс-релизинде.

Андан кийин шектүүлөрдүн бири рулга отуруп үч досуна айдап барып, болгон окуяны айтып берет — эки 17 жаштагы жана бир 15 жаштагы өспүрүмгө. Кийинчерээк бешөө унаага күйүүчү май чачып, өрттөп салышкан.

Айдоочунун өлүмүнө шектелген эки өспүрүм тергөө абагына эки айга киргизилди. Ал эми кылмышты жашырган үч досуна «Кылмышты жаап-жашыруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды — алардын экөө убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. 15 жаштагы өспүрүмдү шектүү катары тартуу маселеси каралууда.

Маркум Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну болуп чыкты. Жакындары аны бир апта бою издешкен. Сегизинчи күнү моргго барып анын каза болуп калганына күбө болушкан. Алар күнөөлүүлөр эң катаал жазага тартылуусун талап кылышууда. Таксисттин артында кош бойлуу жубайы жана эки жаш баласы калды.