Сооронбай Жээнбеков: Ар бир көз жумган мекендешим менин жүрөгүмдү канатып кетти

Сооронбай Жээнбеков

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков коронавирустан каза болгон кыргызстандыктардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Улуттук аза күтүү күнүндө ал өлкө орду толгус жоготууга учураганын белгиледи.

«Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылып калдык. Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти… Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз. Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз», — деди президент.

Жээнбеков бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатканына токтолду. Ошондой эле «элибиздин ден соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш» экенин айтты.

«Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!», — деп кайрылды кыргызстандыктарга өлкө башчысы.

30-июль — Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Коронавирус пандемиясы өлкөдө боюнча 1364 кишинин өмүрүн алды.