Украинанын Донбасс аймагында согушкан үч кыргызстандыкка иш козголду

Иллюстративдик сүрөт

Украинанын Башкы прокуратурасы Донбасстагы сепаратисттердин тарабында согушкан үч кыргыз жаранына кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Аларга карата «Жалданмачылык», «Мамлекеттин кол тийбестигини жана аймактык бүтүндүгүн бузуу» жана «Мыйзам тарабынан алдын ала көрүлбөгөн аскердик жана куралдык түзүлүштөрдү куруу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстандыктардан сырткары Босния жана Герцеговинанын беш жараны, ошондой эле Бразилиянын жети жараны колго түштү. Украинанын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, шектүүлөр 2014-жылдан бери «Орусия Федерациясынын мыйзамсыз куралдуу топторунда» кызмат кылып келишкен.

Тагыраак айтканда, кармалгандар «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын «Призрак» аймактык коргоо бөлүмүнүн 14-батальонунда, «Восток» полкунун 11-бөлүмүндө жана «Оплот» бригадасынын 5-бөлүмүндө кызмат кылышкан.

Чыгыш Украинадагы Донецк жана Луганск облустары 2014-жылдын апрель айынан бери жарандык согуш жүрүп жатат. Жаңжал Украинанын аскер күчтөрү жана автономияны талап кылган Донецк жана Лугансктын жашоочуларынын ортосунда чыккан.

Украинанын бийлиги сепаратисттердин тарабында Орусиянын аскерлери жана башка мамлекеттердин жалданма колдору катышууда деп билдирген. Орусия бул айыптарды четке кагып келет.