«Республика» съезд өткөрөт. Буга чейин партия лидери парламенттик шайлоону жылдырууну талап кылган

«Республика» саясий партиясы съезд өткөрмөй болду, бирок азырынча ал депуттардын чогулуусу менен же онлайн өтөбү белгисиз. Партиянын лидери Мирлан Жеенчороев съездге чейин «аймактардагы эпидемкырдаалды байкаш керек» деп эсептейт.

Жеенчороев буга чейин «Республика» депутаттыкка талапкерлердин тизмесин аныкташ үчүн БШК талап кылган съездди өткөрбөөрүн билдирген. Комиссиянын талаптарына ылайык, партиялар съезддерин 20-августка чейин өткөрүп бүтүшү керек.

Жеенчороев 2020-жылдын күзүндө парламенттин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө каршы чыккан болчу.

Ал өлкөдөгү эпидемкырдаал оор болуп турганда шайлоо үгүтүн жүргүзүүнү «ахлаксыз» деп эсептейт.

«Мен БШКны түшүнбөйм, 40-50 адам ооруп жатканда алар беш шаардагы жана 25 аймактагы [жергиликтүү кеңешке] шайлоону жылдырууну суранышкан. Ал эми бүгүн болсо, пандемия бүт өлкөнү каптаганда, өзгөчө чаралар зарыл болуп жатканда үн катпай жатышат», — деп айткан ал.

ТЕМА БОЮНЧА: