Таластын жетекчисинин кеңешчиси мас абалда велосипедчен адамды сүздү — жабырлануучу ооруканадан көз жумду

Материал 13:45те жаңыртылды.

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Марслатбек Шералиев 30-июлда жол кырсыгынын катышуучусу болду.

ЖККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, саат 5:30 чамасында Талас облусунун Көк-Токой айлында 53 жаштагы Шералиев «Тойота Фораннер» унаасы менен жол чекесинде велосипед тээп бараткан 26 жаштагы жигитти сүзгөн. Андан кийин «Тойота Фораннер» токтоп турган «Мерседес Гигант» оор жүк унаасын барып сүзгөн.

Велосипедчен адам оор абалда ооруканага жеткирилип, кийинчерээк каза тапты.

Талас ОИИБинен билдиришкендей, Шералиев жол кырсыгынан кийин спирт ичимдиктерин ичип-ичпегени боюнча текшерилип, жыйынтыгында мас абалда болгону аныкталган. Ал Таластын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Окуя болгон жерде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат», — деп билдиришти ЖКККББдан.

Шералиев Марслатбек — Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) запастагы подполковниги. Ал 2017-жылы өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Окуядан кийин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым өкүлүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров «Turmush» басылмасына Марслатбек Шералиев расмий түрдө кызматта эместигин кабарлаган.

«Массалык маалымат каражаттарына туура эмес маалымат кеткен. Бизде ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси деген штат жок. Ал коомдук жардамчы катары келип жүргөн. Бизде ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө 33 гана штат бар», — деди Садыров.