COVID-19 жана ал шарттаган пневмониядан жалпы 1397 бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада коронавирустан дагы 19 киши каза болду. Бул тууралуу 1-августтагы брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 Ысык-Көл облусунда төрт киши көз жумду. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында үчтөн, Чүй жана Ош облустарында экиден, Нарын жана Баткен облустарында бирден киши кайтыш болду.

Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 1 397 бейтап көз жумду — бул статистикага COVID-19 жуктуруп жана ал пайда кылган пневмонияга чалдыгып каза болгон бейтаптар кирген.

Кыргызстанда коронавирустун жалпы 36 299 учуру катталды. Илдеттен 25 891 адам айыкты. Дагы 9 173 бейтап ооруканаларда калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.