Ошто реанимациясы бар стационар кайрылгандардын азайганынан улам жабылды

Ош шаарындагы Навои мектебинде ачылган стационар. Сүрөт: «Т-Медиа»

Ош шаарындагы Навои мектебинде ачылган стационар кайрылган бейтаптардын санынын азайганына байланыштуу 3-августта убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Клоопко» мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Саламаттык сактоо министрлиги жана министрликтин Ош шаарындагы координатору кабыл алган.

«Буга чейин 500-700 адамга чейин кайрылып жатышкан бир күндө. Ар кандай, өзүнөн шек санап жана башка болуп. Ал эми бүгүнкү күндө 100дүн тегерегинде гана адам кайрылып калды. Кырдаалга карайбыз, киши көп келбегендиктен убактылуу жаап турдук, эми ошону менен жабылып эле кетсин», — деди Абсаттаров.

Басма сөз катчынын фейсбуктагы постуна колдонуучулардын бири Ошто реанимация жетишсиз болуп жатканын айтып, стационардын жабылышын колдогон эмес

«Азамат Ошто дале реанимация жетишпей жатат го. “Реанимацияга орун жок, силер алгыла” деп жеке менчик оорукананын алдында тургандарды көрдүм, Алар да албай койду. Навоинин реанимациясы иштеп турса бир аз жеңилирээк болот беле...», — деген ал.

Ал эми Абсаттаров «Клоопко» бир гана пикирге таянып чечим чыгаруу туура эмес дейт. Анын айтымында, реанимация башка да ооруканаларда бар.

«Бир эле комментарийде реанимация жок деп койсо толук жок деген пикирди карманбаш керек. Шаардык ооруканада да реанимация бар, иштеп жатат, жетиштүү эле», — деди ал.

Анын айтымында, учурда шаарда 408 адам дарыланууда. Алардын ичинен 14 адам өтө оор, 103ү оор, 150сү орто оор, калганы канааттандыраарлык абалда. Учурда калаада бейтаптарды кабыл алчу төрт убактылуу ачылган стацинонар иштеп жатат.

Шайлоого карата стационарлардын жабылуусу

31-июлда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залында ачылган стационар жабылганы белгилүү болгон. Анын ордуна шайлоо участогу ачылат деп кабарланган. Бул көрүнүш жергиликтүүлөрдүн нараазычылыгына алып келген.

29-июлдан тарта иштеп баштаган стационарга келген ыктыярчы дарыгерлер жана бейтаптар 31-июлда кечке жуук имаратка кире алышкан эмес. Муну күзөтчүлөр шайлоого байланыштуу деп тастыкташкан.

«Эмне буларга шайлоо керекпи же биздин өмүрүбүз керекпи? Мына азыр дене табыбыз түшпөй жатса, башка ооруканалар албаса. Эмне кылышыбыз керек?» — деген имаратка кире албай турган бейтаптардын бири.

Университетте №2093 шайлоо участкасы жайгашкан болчу. Шаардын мэри Мураталы Тагаев жерине барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн соң стационар кайра ишин жанданткан.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков «Т-Медиа» басылмасына билдиргендей, көйгөй окуу жайдын жетекчилигинин айынан келип чыккан жана аларга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.

«Кечээ медиктер барып кирейин десе ачкычтарын алмашытырып коюптур. Мэр өзү барса да күзөтчүлөр киргизбей коюшкан. Ага карабай имараттты ачтырып келди, иш ыргагы жүрүп атат», — деген ал.

Ал эми аталган окуу жайдын ректору Кеңешбек Үсөнов аларга 30-июлда «стационар менен шайлоо участкасы бир имаратта жайгашса болбойт» деген чечим келгенин, мындан улам дем алыш күндөрү түшүнбөстүктөр болгонун билдирген.

«Азыркы кырдаалда элдин ден соолугу керек. Шайлоого чейин дагы эки ай бар. Азыр дарыгерлерге эч ким тоскоол болгон жок, иштеп жатышат», — деген ал.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган. Айрым депутаттар, коомдук активисттер пандемия шартында шайлоону жылдыруу керек деген талапты койгонуна карабастан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков шайлоо өткөрүүнү колдоп берген.

Өлкөдө 3-августка карата коронавируска жалпысынан 37 129 адам чалдыгып, анын 1420сы каза болду.